В Узбекистане из-за нехватки воды отказались от выращивания риса
2016-жылы башталган Ысык-Көл областынын Түп районундагы карантиндик фитосанитардык лабораториясын капиталдык оңдоо иштерине 5,9 млн сом бөлүндү.
ЕЭК и Камбоджа договорились создать условия для роста объемов торговли
Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди. Айтымында, акыркы убактарда Кыргызстандагы Бишкек, Ош, Талас шаарларындагы жана Ысык-Көл облусундагы ири фитосанитардык лабораториялар ишке берилген.
Фитосанитардык текшерүүнү күчөтүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын суммасы жыл сайын жогорулоодо. Эгерде 2015-жылы анын суммасы 1,5 млн сомду түзгөн болсо, 2016-жылы 26,5 млн сом, ал эми 2017-жылы 29,9 млн сом болгон деди ал.
Вслед за Европейским союзом Россия пожаловалась на США в ВТО
ЭКОНОМИКАда суроо пайда болду. Каржылоо суммасы эмнеге жогорулап жатат? Логикага таянсак аймактардагы курулган бул фитосанитардык пункттар киреше алып келиши керек го?
2015-жылдагы 1,5 млн сом геометриялык прогресс менен 2017-жылы 30 млн сомго жакындаганы кандай?
“Өлкөнүн ЕАЭБге кошулганына байланыштуу фитосанитардык чаралар жана лабораториялар менен камсыз болуу Евробиримдиктин талаптарына жооп бериши керек. 2017-жылы Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында дагы фитосанитардык лабораториялар ишке киргизилет. Аны менен катар эле Каракол, балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат”,-деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстан ЕАЭБге кошулганы бир катар милдеттерге ээ болду, алардын бири өлкөдө заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болушу.