Жогорку Кеӊеш жыйынында «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып жатканда, депутат Наталья Никитенко ишенимдүү башкарууга бериле турган стратегиялык объектилердин бар-жок экенине кызыкты.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев стратегиялык объектилерди ишенимдүү башкарууга берүү мыйзам талаптарына каршы келбей турганын, бирок алар парламенттин макулдугу менен гана берилерин билдирди.
Андан тышкары, азыркы учурда «Альфа Телеком» (ТМ MegaCom) компаниясы боюнча бир дагы талаштуу сот иши жок экени белгилүү болду. «Компания 13,5 млрд сомго баалануу менен сатыкка коюлган. Ал баа март айынан тарта эскирди. Эми тендер аркылуу анын рыноктук баасы кайрадан коюлуп, конкурс менен менчикке сатылмакчы», — дейт Маммүлк фонд башкаруу фондунун башчысы.