Азык-түлүк жана айыл чарба азыктарынын баасынын индекси 169,5 пункт болуп, өткөн айга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Себеби дан азыктарына жана пальма майына болгон баа жогорулаганы менен кум шекерге, майга жана сырга болгон баа төмөндөгөн.
Дан азыктарына болгон баа декабрь айына салыштырмалуу 2,5 пайызга жогорулаган. Буудайга, күрүчкө, жүгөрүгө болгон баа 2017-жылдын январь айындагы көрсөткүчкө караганда 6,3% жогорулаган.
Азык-түлүк жана айыл-чарба азыктарына болгон баанын индекси негизги 5 азык-түлүктүн эл аралык баасынын динамикасына карап аныкталат.
Өсүмдүк майына болгон баа январга салыштырмалуу өзгөргөн эмес. Пальма майына болгон баа бир аз жогорулаганы менен күн карама жана рапсод майына болгон баа бир аз төмөндөгөн.
Сүт азыктарына болгон баа 2017-жылдын декабрь айынан тарта 2,4 пайызга төмөндөгөн. Майга жана сырга болгон баа эл аралык деңгээлде төмөндөгөнү Австралиянын түндүгүндө болгон азыктын көптүгүнөн улам болгон.
Кум шекерге болгон баанын индекси 1,6 пайызга төмөндөгөн. Азыр ал былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга төмөн болууда. Буга өндүрүштүн көбөйгөнү жана экспорттук сунуштун көптүгү себеп болууда.
Этке болгон баа мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн эмес. Себеби куш этине жана чочко этине болгон суроо-талап азайганы менен кой этине болгон суроо-талап жогорулаган.