• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Азык-түлүк коопсуздугу

at-bashi-9

👁 1,689

Айыл чарба министрлиги “Кыргызстан кой чарба ассоциациясы” жана Көчмөн малчыларды” коомдук фонду менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго ЖКтин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер жана фермерлер катышты.

Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү бир топ чет элдик уюмдар менен иш алып барат. Алар кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө өз жардамдарын берип келет. Мына ошондой уюмдардын бири БУУ болуп саналат. Аталган уюм учурда Айыл чарба, кайра иштетүү жана мелиорация министрлиги менен биргеликте “Азык-түлүк коопсуздугу” боюнча иш алып барууда. Бул айыл жергесиндеги жакырчылык маселесин жоюу болуп саналат. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө болуп эсептелет. Мындан тышкары жарандардын ээлик кылуу укугун бекемдеп, жерге жетпей жаткан айыл тургундарын атайын реформа кылып, жер үлүшү менен камсыздалса Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу орнойт дейт Кыргызстан кой чарба ассоциациясынын төрагасы Акылбек Ракаев.

“Эгерде азык-түлүк коопсуздугу орносо экономикалык деңгээлдин бир тепкичке көтөрүлүүсү деп баалаланат. Эл саясий кырдаалдарга чыдоосу мүмкүн, бирок эл ачкачылыкка чыдабайт. Ошондуктан элди азык-түлүк коопсуздук менен камсыздоо керек”.

Токойдун экономикага кошкон салымы төмөн. Тактап айтканда, учурда Кыргызстандын ИДПнын 5% гана түзөт. Анализдеп караганда 1%дан 3% чейин көтөргөнгө мүмкүнчүлүктөр бар. Элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча же ошол жерде жашаган калкты экономикалык-социалдык жактан өнүктүрүп жаткандыгы боюнча катоого алуу зарыл экенин токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Айткул Бурханов ырастады.

“Учурда мамлекеттик агенттик тарабынан токой саясаты кайрадан иштелип чыгууда. Ошол эле учурда био түрдүүлугүн сактап калуу жана токойду иштетүүдө ага зыян келтирбөө жагы да каралуусу кажет. Ошондуктан токой жана токойду пайдалануу мыйзамын кабыл алуу керек. Мыйзамга токойго тиешелүү баардык көйгөйлүү маселелер киргизилүүсү абзел. Ошондо токойдон чыккан продукциялар менен жогорку деңгээлдеги бизнес ишчараларын жолго салса болот. Ошол себептен Мирлан Бакировго ушул мыйзамды киргизип берүү сунушун киргиздим”.

Жыйындын алкагында ар бир аймактан келген фермерлер өз пикирлерин айтышып, Жогорку кеңештин депутаты Мирлан Бакировго да суроо узатышып тиешелүү жоопторду ала алышты. Депутат суроолорго жооп берип жатып, Айткул Бурхановдун токой жана токойду пайдалануу мыйзамын киргизүү сунушу боюнча да токтоло кетти.

“Чындыгында бүгүнкү күндө токой чарбасы реформага муктаж. Союз урады, бирок союздун принциби менен эле жумуш аткарылып келе жатат. Эгерде реформа болгон болсо токой пайдалануучулардын салымынын негизинде ички дүң продукциясында дагы өсүү болот.

Негизинен Жергиликтүү чарбаны, калк, жамааты көзөмөлгө алуусу керек. Айткул Бурханов жогоруда айтып кеткен сунушу боюнча жакынкы күндөрү жолугушуп, токойду пайдалануу боюнча жумушчу жыйын өткөрүп ишти баштайбыз. 

Ал эми жалпысынан мен айыл чарба министрлигинин ишин “жакшы” деп баалайм. Анткени берилген ишти аткарышууда. Бирок кемчиликтер дагы жок эмес. Айтып кеткендей жайыт комитети боюнча маселе бар. Себеби былтыркы комитеттин чечимдерин ошол эле жайытты пайдаланууда, каражат чогултуудагы мүчүлүштүктөр толтура. Мындай кемчиликтер айтылып кала бербейт. Атайын бир комиттетин жыйынында каралат”-деди ЖК депутаты Мирлан Бакиров.

Ар бир региондун өз көйгөйлөрү бар. Алардын чечүү механизмин иштеп чыгуу керек деген пикирлерин жыйында фермерлер билдиришип, жеринен барып чечүү сунушун киргизишти.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости