• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Азиз Төрөкулов: Бир айдын ичинде заманбап үйдү курууга болот

29547566_1642167699203749_1061745625_n

👁 4,804

Жеке турак үйгө ээ болуу — ар бир адамдын максаты. Үйгө жетүү үчүн көп убакыт, каражат, ал тургай бүтүндөй бир өмүр да сарпталат. Кыргызстанда каражаттан кыйналып, үйгө колу жетпей келе жаткандардын катары калың. Бирок замандын агымына жараша аз каражатка бат бүтө турган үйлөрдү кыргызстандык ишкер Азиз Төрөкулов сунуштап, бир жылдан бери тез бүтүүчү үйлөрду куруп келет. “Тез там” деген бренд менен курулуп жаткан бул үйлөрдүн салттуу курулган үйлөрдөн айырмачылыгы — кыска убакытта бүткөрүлүп, эң негизгиси капчыкка көп күч келбейт.

Балким “кантип эле бир айда өмүр бою эңсеп келген үйгө жетем?” деп ишенбөөңүз мүмкүн. Анан калса элдин аң-сезиминде курулуш ушунча жылда бүтүшү керек, ага кетчү материалдар оор болушу зарыл деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок заманбап курулуш материалдарынын жардамы менен кыска убакытта сапаттуу, жылуу үйдү курууга болоорун турмуш тастыктоодо. Ишкер, курулушчу Азиз Төрөкулов тез там куруу технологиялары боюнча “Экономика” гезитинин суроолоруна жооп берди.

–Сиз сунуштап жаткан үйлөрдү куруу технологиясы тууралуу айтып берсеңиз?

–Кыска убакыт ичинде бүтө турган үйлөрдү куруу практикасы Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө эчак эле ишке ашырылган. Үй негизинен СИП панель жана ОСПнын жардамы менен тикеленет. СИП панель менен пенополистирол жана эки тарабынан ОСП плитасы менен чапталат. ОСП жана пенополистирол атайын клейдин жардамы менен 18 тонна басымдуулукта жабыштырылат. Үй жер титирөө жана катуу шамал сыяктуу табият сыноолоруна туруштук бере алат. ОСП жыгачка караганда өрткө сегиз эсе туруктуу, кокус үйдө өрт чыгып кете турган болсо, бир саат бою жалындап кетпей “быкшып” тура берет. Кышкысын жылуулукту узак убакыт бою сактап, жайкысын салкын абаны камсыздап берет. СИП панель 1500–1800 тонна салмакты көтөрөт. Тике турган калыбында 15 тонна салмакты көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Биз колдонуп жаткан курулуш каражаттарынын баары тастыктоодон өткөн. Тийиштүү сертификаты бар. Үйгө кандай курулуш материалы керектеле турган болсо, аны чыгарган завод менен түз иштешебиз. Ал биздин шартка жарайбы, айтор тандап алып анан колдонобуз.

–Тез тамдарды куруу идеясы кайдан келип чыкты?

–Мен буга чейин Россияда иштеп жүргөнүмдө ушул идеяны өз мекенимде жайылтам деп алдыма максат койгон элем. Баарыбыз эле чет жакка кыйналганыбыздан кеткенбиз да. Адегенде ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүм. Кийинчерээк кудум азыркы бизде жайылып жаткан үй куруу компаниясында кадимки эле курулушчу болуп иштеп калдым. Сибирдин суугунда ушундай үйлөрдү бат куруп, үйдү куруп жатып эле дароо эшик-терезесин салып, ал эми үйдүн ичинде жеңил кийимчен кадимкидей иштедик. Эшикте болсо ит өлгүдөй суук. Кечинде кетип, эрте менен келсек, чакада турган суу тоңчу эмес. Ошол процесске аралашып жүрүп, мен дагы Кыргызстанда тез там куруу технологиясын жайылтсам деп күнү-түнү кыялданып калдым.

Бизде болсо үйдү чоң мээнет менен бүтүрөбүз дагы, кышында төрт-беш тонна көмүр жагабыз. Чоң үйлөрдү куруп алып, аны жылыта албай, жанына дагы кичине времянка салып, анда тыгылып жашап жатканыбыз көз алдыма элестеп, анан ушул максатты ишке ашырууга бел байладым. Өзүм Суусамырдын кулуну болгондуктан, өрөөндүн суугун жон-терим менен сезип чоңойгом. Бул үйлөрдүн эң биринчи жылуулугу жакты. Ал жакта диаспорадагы жаштар комитетинин төрагасы болуп иштеп калдым. Мекендештер арасында чогулуп, кээ бир маселелерди талкуулап калчубуз. Мигранттар арасында айылда үй курдуруп атам деген кептерди көп укчумун. Алар ай сайын айлыгын курулуп жаткан үйүнө жиберип жатканын айтып калышчу. Кээде тамашалап, эки-үч жылдан бери үйүңө акча жибересиң, эмне болду десек, үй бүтпөй жатат деп калчу. Айтор үй биздин номер биринчи көйгөйүбүз болуп, чет жерде үй үчүн иштеп, убакытты, ден соолукту коротуп жүрүшкөн. Идея мына ошондо башталды. Эмне үчүн биз сала албайбыз деген ой келди. Менин бул идеямды биринчилерден болуп “Ассалам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев колдоп, чындап эле үй жылуу болуп, бат бүтө турган болсо, элге пайдалуу боло турган болсо, башта деп, буюртма берди.

-“Тез там” курулуш компаниясы түптөлгөндөн бери Кыргызстанда канча үй курулду?

–Курулуш иштери өткөн жылдын 1-майында башталган. Ага чейин үй курууга уруксат берүүчү тиешелүү документтердин баарын даярдадык. “Ассалам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаевдин сунушу боюнча Ысык-Көл облусунда фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруп баштадык. Анын жалпы аянты 240 чарчы метр болду. Азыркы тил менен айтканда ФАПты ачкычы менен 17 күндүн ичинде куруп бүтүрдүк. Бул “тырмак алды” эмгегибизден кийин эл арасында кызыгуу, суроо-талап көп болду.

Ошентип кайрымдуулук ниетинде башталган ишибиз уланып Ысык-Көл дубанынын үч айылына үч ФАП куруп бергенге жетиштик. Андан кийин Чүй облусунда бир тигүү цехин курдук. Кара-Балта шаарында 35 батирлүү барак тибиндеги үйдү жетим-жесирлер, үйү жок көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн курдук. Булардын баары “Ассалам” кайрымдуулук фондунун буюртмасы менен ишке ашты.

Андан сырткары жергиликтүү элге Бишкек шаары жана Чүй облусунда беш үй куруп бердик. Суусамыр өрөөнүнө бир үй курдук. Алты айдын ичинде болжолдуу түрдө 3000 чарчы метр аянтка чукул там курганга жетиштик. Курулуш иштерин майда баштап, октябрдын аягында бүтүрдүк. Демек, муну менен биз аз убакыт ичинде көп нерсеге жетишсек болот деп, башында максат коюп баштаган ишибизди иш жүзүнө ашырдык. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе – үйлөр эмне үчүн кыска убакыт аралыгында курулуп калды? Крулушта эч кандай оор техникалар пайдаланылбайт. Колду кармай турган, кишинин саны көп керек боло турган эч кандай жумуш жок.

–Бул үйлөрдүн кадимки үйлөрдөн айырмачылыгы?

–Ооба, эң биринчи бир гана бизде эмес, дүйнө жүзүндө бул үйлөрдүн мактана турганы – бул жылуулугу. Өзүм суук жердин кулуну болгондуктан эң биринчи отун-суудан элибиз көп кыйналарын беш колдой билем. Бул үйлөрдүн эң биринчи артыкчылыгы – жылуулугу. Кыргызстан тоолуу район болгондуктан сейсмологиялык жактан кооптуу. Көпчүлүгүбүз чакан каражатыбызга турак-жай тургузуп алып, бирок жер чөккөндө, же жер титирегенде майда силкинүүнүн негизинде жарылып, же талапка туура келбей калууда. Экинчи өзгөчөлүгү – жер титирөөгө туруктуу. Куруу технологиясы да мен башында белгилеп кеткендей, оор техникаларды талап кылбайт. Эч кандай аба ырайынын өзгөрүүсүнө көз каранды эмес. Үйдүн пайдадубалына куюлган цемент кургасын деп, же болбосо кыштан дубал тургузган болсо, аны кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн ордуна отура турганга чейин күтпөйсүң. Биринин артынан бири курулуп кете берет.

Быйыл Бишкекте катуу суук болбодубу. Биз болсо өзүбүз курган үйлөрдү чогуу курган курулушчулар менен кыдырып кабар алдык. Биз курган эки кабат үйгө барсак, үй ээси биринчи кабатка бир электр мешин, үстүңкү кабатына бир электр мешин койгон экен, эки кВт. саатка жетип жетпеген кубаттуулукта жылуулукту камсыз кылып, катуу суукта эки электр меши менен эле кыштан чыгыптыр. Түнү ысык болуп кеткендиктен, өчүрүп коюп жатканын айтты.

6

–Баалары кандай?

–Үйдүн бир метр чарчы аянты жүз доллардан жогору болот. Мисалы, кошуна Казакстанда үйдү өзүм куруп алам десең, курулуш материалдарын даярдап берүү акысы 80 доллардан жогору болот. Бизде канчалык арзан болуп, элибиздин чөнтөгүнө чак келсе, күнүмдүк иштеп жаткан айлык маянасына жараша болсо деп ниет кылчумун. Бирок айла жоктон 10–20 долларга айырма болот экен. Эмнеге? Анткени биз Россияда же Казакстанда болбогондон кийин бизге келип жаткан материалдар кымбатыраак түшөт. Ошондуктан биз болгон минималдуу пайдабызды төмөн түшүргөндө ушул баага келип такалат. Жүз долларга үйдү эшик, терезеси жок тургузуп беребиз. Ал эми 130–150 долларга толук кандуу үй бүтөт, кардар жашай берсе болот. Под ключ бизде үчкө бөлүнөт, биринчи эконом под ключ. Мунун ичинде эшик-терезе коюлуп, дубалдары шпаклевкаланып, полу, шыбы толук бүтөт. Экинчи, премиум деп коебуз. Ал кардардын өзүнүн каалоосу менен кээ бир материалдарды кымбатыраак алып келебиз. Под ключ канча деген суроолор көп болот. Биринчи эшик, терезесин коюп тургузабыз. Под ключ экинчи маселе. Туш кагазы, полу кандай болот, кафелдери кандай болот. Материалдардын баарын каталог боюнча көрсөтүп, баасын келишебиз. Чарчы метри канчадан айланат ошондо билинет. Айтылган баа да ийикчээк, кардар өз чөнтөгүнө жараша биз менен сүйлөшсө болот. Баасына түздөн-түз тиешеси бар үйдүн дагы бир өзгөчөлүгү – бизде кудайга шүгүр, кыргыз эли колунан дагы, тилинен дагы келе турган калк келет. Чет өлкөлөрдө курулуп жаткан имараттардын көпчүлүгүн эле биздин кыргыз жигиттери курган. Демек, колубуздан келет. Үйдүн дубалын тургузуп, чатырын жаап алгандан кийин устачылык жайы бар кишилер акырын бир-бирден бүтүрүп алса болот. Анткени арзан бүтөт. Эгерде бир метр чарчы үй ачкычы менен 200 доллардан өйдө болсо, кардар ички ремонт иштерин өзү бүтүрүп алса, 170–180 долларга айланып калышы мүмкүн. Бул үйгө кум шыбак шыбалбайт, топурак ташып, келип, анын кургашын күтпөйт. Гипсокартон менен каптап, бетине туш кагаз чаптайбы же актайбы кардардын өзүнүн табитине жараша болот. Эгерде мен баарын билем, болгону көрсөтүп койсоңор болду дегендер болсо, биз ага баарын мебель курагандай кылып ар бир деталын өзүнчө кестирип, даярдап, китеби менен кошо баарын беребиз. Албетте таптакыр эле таштап койбойбуз. Адисибиз көз салып, айтып турат.

–Үйлөр орточо канча убакытта бүтөт?

–Болочокто үй түшө турган жерден көз каранды. Эгерде жер тегиз болсо, курулуш иштери дароо эле башталат. Жок, жер ойку-кайкы, айтор тегиз эмес болсо, адегенде түздөп, пландоо иштерин жүргүзгөнгө чейин убакыт кетет. Андан кийин пайдубалы куюлат. Пайдубал канча убакытта кургаса, кийинки иш ошого жараша кетет. Пайдубал кургаганга чейин үйгө керектүү курулуш материалдарын кардардын долбооруна жараша кесип, даярдап, пайдубал кургаары менен үйдүн дубалдарын тургуза баштайбыз. Биз былтыртан бери бир нерсени байкадык. Ал үйдүн кайсы жери убакытты көп алат экен? Мен жогоруда айткандай пайдубалы, анан полу. Кээ бирөөлөр акчасына карап шагыл төктүрүп, стяжка кылып, үстүнө ламинат же линолеум салып алам дегендер болгондо асты кургашын күтөбүз. Эгерде алдынан өйдө сип панелден болсун десе, анда сөзсүз түрдө куруу мөөнөтү андан да тездейт. Жалпы жонунан айтканда, 20 күндө эки кабат үйдүн эшик терезесин салып, дубалын тикелеп үстүн жапканга жетиштик. Ал ортодо кандайдыр бир Россиядан келчү тактайларыбыз жолдо кармалып, бир аз убакыт кетти. Бардыгы даяр болсо, бир айда адам кирип эле жашай бергидей абалга чейин бүтүргөнгө жетишебиз. Дагы бир убакытты кармаган нерсе – ички жасалгасы. Кардардын көңүлүнө жагып, тандап антип-минткиче убакыт өтөт. Жалпы жонунан айтканда пайдубалынан баштап ички жасалгасына чейин эки ай убакыт кетет. Биз символикалуу түрдө элүү күн дейбиз, ошол убакыттын ичинде бүтүрөбүз.

Айта кетчү дагы бир нерсе, модулдук үй деп коет, цехте баары даярдалып, чогулуп, машина менен жүктөп эле пайдубалы жок эле бурч-бурчтарынан тумбаларды жасап, ошол тумбалардын үстүнө эле тикелеп кое турган үйлөр бар. Алар узуну жети метр, туурасы 3,5 метрлик үйлөр болот. Ичинде бардык шарты менен, туш кагаздары чапталган, полу, шыбы бүткөн, кире беришинде тазалык бөлмөсү, чакан ашкана, залы менен даяр үйлөрдү жасап жатабыз. Булар он күндүн ичинде бүтөт. Кардардын короосуна алып барып тургузуп беребиз. Анын баасы 3 миң доллар. Бир бөлмөлүү болсо да үйүм болсо деп, батирлеп жүрбөй деген мекендештерибиз үчүн абдан ыңгайлуу. Жер участогу болсо эле ошол үйлөрдү жанаша коюп, жер ортолоруна дагы кошуп чоң үй кылып алса деле болот. Ошондой эле малчылар атка артынып кете бере турган илгери союз мезгилиндегидей “домиктерди” да жасап жатабыз. Анын баасы 35–40 миң сомдун тегерегинде. Жылуу, Кытайдын боз үйлөрүнө караганда алда канча сапаттуу. Эки сааттын ичинде куруп, кайра жыйнап алса болот. Эми “домиктин” ичине мешин, дагы башка керектүү оокаттарын кошуп коелу деген ниетибиз бар.

6-2

–Компанияда канча жумушчу бар?

–Башкы директор, бухгалтер, курулуш жаатындагы адистерди кошкондо 12 киши иштейбиз. Сезон башталып, курулуш жанданганда ар бир обьектинин чоң кичинесине жараша уста балдарды келишимдик негизде кабыл алабыз. Чет өлкөдө жүрүп, ал жакта иштеген жигиттерди көрүп, ушулар өз эл, өз жерибизде ата-эне, үй-бүлөсүнүн маңдайында иштесе деген бир кездеги кыялым ишке ашты деп ойлойм. Бир учурда массалык түрдө үйлөр курулуп, жети үй бир курулуп калды. Жергиликтүү балдар иштешип, алды 170 миңге чейин, арты 120 миң сомго чейин эмгек акы алышты. Ошондо жумушту бүтүргөн соң колдоруна акча алып, үйлөрүнө кудуңдап кубанып кетип жаткан балдарды көрүп, катуу кубангам. Анткени максатым ошол болчу. Буюрса дагы да жакында кыргыз элине жардамым тие турган, курулуш жаатында элибиз кыйналбагыдай арзан, пайдалуу нерсени табам деп ошонун үстүндө иштеп жатам. Жакынкы күндөрү ишке ашат. Мындан сырткары эле жеңилдик болсун деп, мөөнөтүн узартып төлөө жагын караштырып жатабыз.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости