Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-мартта Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцайды кабыл алды. Анда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары тармактар боюнча пикир алмашуулар болду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Чжан Вэньцай банк жакынкы алты жылга кызматташуу стратегиясын иштеп чыгып жатканын жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында кыргыз тарап менен өнөктөштүк келечегин талкуулоо керектигин белгиледи. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү долбоорлоруна бардык жагынан жардам берүү даяр.
Мамлекет башчысы жакын арада 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору кабыл алынаарын эске салды. Ал Азия өнүктүрүү банкы демилгелерди колдоого жигердүү катышаарына жана башка өнөктөштөр менен катар жардам көрсөтөөрүнө ишенимин билдирди.
Ошондой эле, Президент Региондорду өнүктүрүү жылында өлкөнү өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталганын эске салды.