• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен беш жылдык кызматташууга план даярдоодо

sab_5096

👁 724

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 26-мартта, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Веньцай менен жолукту.

Өкмөт башчы АӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу жардамын көрсөтүп, өлкөнүн маанилүү өнөктөшү болуп эсептелерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун пландарын жана келечегин талкуулашты.

Премьер-министр «Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программанын негизги багыттары жана аткаруудагы болуп жаткан жыйынтыктары тууралуу айта кетти. Сапар Исаковдун айтымында аны ишке ашыруу, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык жүрүп жатат.
Премьер-министр салык процедураларын фискалдаштыруу жана өлкөнүн региондорун жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди. Аны менен катар Өкмөт башчы Премьер-министрдик кызматындагы приоритеттүү маселелеринин бири катары өлкөнүн «Таза Коом» долбоорунун алкагында санариптик экономикага өтүүсү болуп саналат деп өзгөчө белгиледи.

Андан тышкары Премьер-министр Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча АӨБ долбоору техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу ишке ашпай калгандыгын белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында бүгүнкү күндө тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жаңыланган долбоор даярдалып, буга байланыштуу ал АӨБ жетекчилигине бул маселени тез арада чечүү мүмкүнчүлүгү тууралуу кайрыла кетти.

Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай бүгүнкү күндө банк тарабынан Кыргыз Республикасы менен жакынкы 5 жылга кызматташуунун планы иштелип жаткандыгын маалымдап, буга байланыштуу ал белгиленген мезгилге өз ара кызматташуунун приориттеттүү багыттарын аныктап алуунун маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Чжан Вэньцай АӨБ кыргыз өкмөтү менен энергетикалык тармак жана инфраструктура, суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу, билим берүү жана медицина боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендигин белгиледи.

Андан тышкары, анын айтымында АӨБ жеке секторду өнүктүрүү, санариптик экономиканы кийирүү, экология жана жаратылыш кырсыктарынын натыйжаларын жумшартуу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Чжан Вэньцай өлкөдөгү жүрүп жаткан реформаларга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, жана бүгүнкү күндө келечекте кызматташуу үчүн тараптардын бир катар тармактар бар экендигин белгиледи.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости