• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш болуп кала берет

👁 606

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Артем Новиков Азия Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Министр АӨБдүн вице-президентине кызматташуусу жана Кыргыз Республикасына көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган Жарлыкка кол коюлгандыгын белгилей кетким келет, жана биздин негизги милдетибиз-бул өлкөдөгү региондорду өнүктүрүү. Андан кийинки приоритеттүү багыт бул «Таза коом» санариптик трансформациялоо улуттук программасы, ошондой эле артыкчылыктуу багыт бул экспорттук потенциалды арттыруу жана жергиликтүү продукцияны экспорттоо болуп саналат» –деп билдирди министр Артем Новиков.
Мындан тышкары Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелер талкууга алынды. «Азия өнүктүрүү банкынын 2017-жылда активдүү катышуусу астында Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча кластердик программанын финалдык фазасы ийгиликтүү аяктады. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүлдү-деп билдирди министр.
Министр Артем Новиков инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реформаны жана улуттук экономиканы диверсификациялоо боюнча реформаны улантууга даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Ч. Вэньцай мырза Кыргыз Республикасындагы реформаларга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. «Биз көп багыттарда инвестициялык климатты жакшыртуу, улуттук экономиканы диверсификациялоо, боюнча реформалар боюнча башталып жаткан иштерге жардам берүүгө даярбыз, Экономика министрлиги Кыргыз Республикасында биздин долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү өнөктөш экендигин белгилей кетебиз» — деп билдирди.
Жолугушууда 2023-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын иштеп чыгууда АӨБгө техникалык көмөк көрсөтүүгө бөлүндү, анда 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү улуттук стратегиянын негизги приоритеттери чагылдырылган.
Сөзүнүн аягында министр А.Новиков өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү менен Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш болуп кала бере тургандыгын баса белгиледи.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости