• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Азер Талыбов: Санариптештирүү — Россиянын экономикасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктарынын бири

1401443-1-1503736458

👁 448

РФнын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Азер Талыбов Порт-Морсбиде (Папуа – Новая Гвинея) өткөн АТЭКтин (Азиялык-Тынч океандык экономикалык кызматташтык) экономика министрлеринин жолугушуусуна катышты. Анда талкууланган маанилүү темалар соода системасын өнүктүрүү жана АТЭСтин 2020-жылдан кийинкиге койгон планы болду. Мындан сырткары иш-чарада регионалдык экономикалык интергацияны санариптеширүү маселелери дагы көтөрүлдү.

Азер Талыбов белгилегендей, учурда көп кырдуу соода системасында кризис болууда. “Биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна коркунуч жараткан коргонуу чараларына туш болуудабыз. Бул уюмдун мүчөлөрү жетишкен прогрессти нөлгө түшүрүп жибериши ыктымал. Айрым мамлекеттер эскертүүсүз эле жасалган бир тараптуу дискриминациялык чараларга туш болушууда”,-деди ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, Россия айрым өлкөлөр тарабынан кабыл алынып жаткан бир тараптуу чараларга каршы. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун статусун калыбына келтирүү зарыл. “Биз эл аралык соода кылууда жана кызмат көрсөтүүдө БДСУнун базалык эрежелерин карманууга чакырабыз”,-деп кошумчалады ал.

Азер Талыбов 2017-жылы ЕАЭБдин Бажы кодекси иштелип бүткөнүн жана бул чет элдик соода өнөктөштөрү менен кызматташууда ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты. Ошондой эле ал Россия Азиялык-Тынч океандык эркин соода аймагынын концепциясын иштеп чыгууга даяр экенин билдирген.

Россиялык делегациянын жетекчиси санарип маанилүү роль ойноп жатканын белгиледи. “Санарип экономика электрондук соода кылууга өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен бирге бизнес, мамлекет жана жарандык коом үчүн жакшы шарттарды түзүп берет”,-деди ал.

АКТЭКтин 2020-жылдан кийинки планы боюнча Азер Талыбов пикирин билдирип, санарип трансформацияны өнүктүрүү приориттетүү экенин белгиледи.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости