• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Азамат Жаманкулов: Туризм — бул экспорттук потенциалы бар тармак

azamat-zhamankulov_730x0-730x0

👁 2,496

Өлкө экономикасына өбөлгө болгон туризм тармагы болуп саналат. Бул тармактын азыркы абалы жана шарттары тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловго кайрылып, жооп ала алдык.

Туризмдин экономикага кошкон салымы кандай?

- 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүӊ продукциянын курамынын төрттөн он алты пайызын туризм түзүп келет. Бул бир чети жакшы көрүнүш болуш керек, бирок Кыргызстандын туристтик потенциалы үчүн бул абдан аз көрсөткүч. Туристтик өлкөбүз деген өлкөлөрдө ички дүӊ продукциянын 15–16-17пайызын, мындайча айтканда 20га чейинки пайызды туризм түзөт. Биздин азыркы учурда максатыбыз ошого чейин жеткиришибиз керек. Бул биринчиден, туризм экономикалык салым. Анткени жумуш орундары менен камсыз кылган бирден бир тармак болуп эсептелет. Мынакей айыл чарбаны карап көрсөӊүз, комбайндардын пайда болуусу менен элдердин жумушу кыскарат. Цехтердин пайда болушу менен элдердин жумушу кыскарып, технологияга өтүп кетишет. Өндүрүштө дагы ошондой, эгер жакшы бир жерде заводдордун ичинде бардык технологиялар пайда болсо, ал жерде жумуш орундары кыскарат.Туризмде башка.Туризмде жаӊы технологиялар, жаӊы жумуш орундарын камсыз кылганга жардам берет. Өлкөгө келген ар бир турист беш жумуш орун менен камсыз кылат. Мына ушул жактан азыркы учурда дүйнө жүзүндө туризм эӊ чоӊ экономикалык феномен болот.

Дүйнө жүзүндө азыр химиялык элементтердин чыгаруусунан кийинки эле тармак туризм. Анткени жети триллионго жакын доллар азыркы учурда туризм тармагында айланып жүрөт. Азыркы учурда Кыргызстанга төрт млнго жакын чет элдик жаран келүүдө. Анын ичинде 1 млн 200 миӊ өздөрүн турист деп аташат. Мен ойлойм, бул Кыргызстан үчүн кичинекей цифра. Биз жети,сегиз млнго чейин жеткиришибиз керек. Акыркы мезгилдерде туризмге жасалган инвестициялардын көлөмү жылдан жылга көбөйүп жатат. Бишкек шаарында, региондордо канчалык деӊгээлде мейманканалардын, ресторандардын, обьектилердин көбөйүшү мунун баардыгы инвестиция болуп эсептелинет. Туризм бул бирден бир экспорттук потенциалы бар тармак. Биз туризмди өнүктүрүү менен сырттан акча алып келип жатабыз. Акчаны сыртка чыгарган жокпуз, сырттан туристтер келип, ошол акчаны бир доллар болсо дагы биздин экономикага салым кошуп таштап атат. Бул импорттон, экспорттон караганда он эсе жакшы эффект берүүдө. Мисалы, биз алманы өстүрүп Казакстанга он сомго сата турган болсок, бул он сом кайра Кыргызстанга келет. Бирок ошол эле мезгилде паралеллдүү тармак катары туризм. Турист Кыргызстанга келип, күнүнө 100–130 доллар калтырат.

Коопсузудук боюнча жана 2016-жылдын июнь айларында телеканалдардын биринде ажаатканалар боюнча план иштелип жатат, жакын арада куруу иштери башталат деп интервью бергенсиз. Бул тууралуу иш кандай жүрүүдө?

–Азыркы учурда ажаатканалар боюнча ишке аша элек. Бирок биз анын үстүндө иштөөдөбүз, таштаган жокпуз. Кыргызстан боюнча кайсы жерлерге ажаатканалар керектиги жөнүндө маалыматтар аныкталды. Ал жерлердин статустары аныкталууда. Мисалы, бирөөсү айыл чарбага бирөөсү мэрияга, дагы бирөөсү транспорт министрлигине карайт. Ошол жерлерди бөлүү боюнча иш жүрүп жатат. Бөлүнүп бүткөн соӊ салынып баштайт. Инвесторлорду тартабыз андан кийин менчик секторлор келип сала башташат. Буга биз күн, түн дебей иштеп жатабыз. Экинчи, коопсуздук маселеси туурасында эми мунун үстүнөн өкмөт катуу кароодо. Быйыл, 2017-жылы коопсуздук боюнча чоӊ жаӊжалдар, чоӊ-чоӊ ызычуулар болгон жок. Мен ойлойм ички иштер министрлигинин курамы жакшы иштеп келе жатышат. Бир канча жерден гана туристтерди койуп кетүү боюнча фактылар болду, бирок тоноп, Ысык Көл жээгинде токмокко алган учурлар быйыл кездешкен жок.

Аэропорттон келген кеткендер чоӊ кезектерге кабылып, ыӊгайсыз абалдарга дуушар болуп жатышканы туурасында айткандар көп. Мисалы, бул нерсе туристтерге кыйла тоскоол болот. Бул маселени чечип жатасыздарбы?

Андай маселелер бар. Бул орчундуу маселе. Жакында эле өкмөт башчыбыз өзү барып текшерүү жүргүзүп, керектүү тапшырмалардын баардыгын берип кайтты. Манас аэропортун абдан жакшы деӊгээлге алып келишибиз керек. Азыркы учурда аэропорттун башкаруу органы бардык аракеттерин жасап жатат. Туроператорлор, турагенттер менен үч ай сайын жолугушуп, көйгөйлөр туурасында талкуу кылабыз. Мисалы, такси, кезек күтүү, коомдук транспорт аэропорттон Бишкекке чейин жоктугу. Ушунун баардыгынын үстүндө иштеп атабыз. Мен ойлойм бул маселелер жакынкы күндөрү акырындык менен чечилет.

Быйылкы жылдын статистикасы боюнча туризм тармагынан канча акча түштү?

–Быйыл былтыркыга караганда, 349 миӊ адамга көбүрөөк. Өткөн жылы мисалы, 1.6 млн турист келсе, быйыл жарым жылдыктын эсебинен 1.9 млн турист келди. Салыктардын көбөйүшү боюнча былтыр биринчи жарым жылдыкта 31 млн сом туризм тармагынан түшсө, үстүбуздөгү жылы 38 млн сом туризмден түштү. 2016-жылга салыштырмалуу 7 млнго көп. Өткөн жылы туризм тармагына келген инвестициялардын саны 2 млрддын тегереги болсо , быйыл 6 млрд болду, 4 млрд сомго көбөйдү. Быйылкы жылдын мезгилине карай турган болсок, бул жакшы көрсөткүч.

«Кырк кадам» долбоорлорунун кайсы кадамы туризм тармагына багытталган?

«Туруктуу туризм» деген аталышта бизге өзүнчө бөлүк бөлүнгөн. Туруктуу туризмдин принциптерин Кыргызстанга алып келүү жөнүндө программада абдан чоӊ жазылган. Ал жерде регионалдык туризмдин өнүгүшүнө чоӊ басым жасалган. Анткени Таиланд жана башка мамлекеттерде көрүп жатабыз туризм бардык эле жерде өнүгүп кете турган болсо жакшы жыйынтыктарды алып келбейт. Мисалы Таиландда туризм бир чети жакшы өнүгүп жатат, бирок экология бузулган, суулары кирдеген. Негизи туристтердин саны экологиялык баланс менен шайкеш келүүсү шарт. Мисалы, он турист келип экологияны буза турган болсо, беш туристти алып келип экологияны бузбагандай кылуу керек мына ошол туруктуу туризмдин принциптери. Туруктуу туризм экологиянын, маданияттын бузулбашына кам көрүшү зарыл. Мунун негизги багыттары бир канча этап-этап менен жазылган. Маркетинг стратегиясынын, региондун өзүнүн концепциясынын үстүнөн иштеп чыгышыбыз керек. Ар бир туристтик обьектинин жол картасын иштеп чыгуу абзел. 2023-жылга чейин Кыргызстанда 150гө жакын туристтик айыл пайда болушу керек. Булардын баары «Кырк Кадамдын» туризмге тиешелүү негизги компоненти болуп саналат.

2018-жылы боло турчу «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» даярдыктар башталдыбы?

–Азыркы учурда даярдыктар башталды, 2018-жылдын сентябрь айында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Так күнүн президентибиз аныктап берет. Андан тышкары концептин карап жатабыз. Ноябрь же декабрь айларынын биринде ММК өкүлдөрүн, демөөрчүлөрдү чакырып, официалдуу даярдыкка старт беребиз.

Ар бир туристтик мамлекеттин өзүнүн бренди болот. Кыргызстандын официалдуу бренди барбы?

Обьектилер боюнча ала турган болсок Кыргызстандын бир канча бренди бар. Бул убакытка чейин Кыргызстан тоолор өлкөсү, Ысык Көлдүн мекени деп таанылып келген. Көчмөндөр оюндарынан кийин көчмөндөр цивилизациясынын өлкөсү деп таанылды. Бирок жалпы Кыргызстандын бренди дүйнөлүк деӊгээлдеги адистер менен биргеликте азыркы учурда иштелип жатат, октябрь айынын соңунда биз коомчулукка сунуш жасайбыз.

Акчалуу туристтерди тартуу үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

Кытай, Россия, Казакстандан сырткары биздин стратегиялык багыттарыбызда араб өлкөлөрү бар. Алардын мындай жаратылышы жок, биз ал жакка барып видеолор аркылуу көрсөткөнүбүздө абдан кызыгышат. Көбүнчө салбуурун, бүркүттөр менен аӊчылыкка чыгуу сыяктуу видеолорду көрсөтөбүз. Алар видеону көргөндөн кийин Кыргызстанга келүү үчүн кызыгуусу артат. Андан сырткары туристтерди кызыктыруучу обьектерибиз да жок эмес. Бирок аз. Мындай мекемелер көп болсо деп ойлойм, ошондо туризмдин деӊгээли дагы өсөт. Бирок ал үчүн биз мамлекет аларды өнүктүргөнгө, өстүргөнгө толук шарт түзүп берүүбүз керек. Учурда четинен жасалууда.

Айзада Кыдырмышева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости