• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Айымдардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу – баары үчүн пайдалуу!

img_7402

👁 1,301

Кандай мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу тууралуу соз болуп жатат? Бул экономикалык активдүүлүк, айымдардын саясат айдыңында лидер болушу, туруктуу жашоо шарттарын түзүү үчүн чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү.

Бул эмнеге пайдалуу?

Өкмөт мүчөлөрү, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, коомдук эксперттер, активисттер көптөн бери эле Туруктуу өнүгүү боюнча демилге көтөрүүдө аялдардын ролун талкуулашып, келечектеги пландар жана жетишкендиктер тууралуу айтып келишет. Учурда Кыргызстан бөлүшчү нерселер көп: туруктуу өнүгүү боюнча тажрыйба жана КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөн. 2013–2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын мөөнөтү бүтүп, жаңы стратегия иштелип чыгууда.

Ошондой эле жашыл экономиканы киргизүү жолдору иштелип чыгууда. Бул органикалык айыл-чарбасын өнүктүрүү, жашыл экономиканын эсебинен альтернативдүү технологияларды кеңейтүү, энергоэффективдүү курулуш, өнөр-жай тармагында ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар, тоо кен казуу жана туризмди өнүктүрүү, калктын ден-соолугу.

Аялдардын ролу тууралуу бүгүн көбүрөөк сөз кылуу керек. Эмнеге? Анткени бул маселелерди ишке ашырууда алардын ролу чоң болот.

Мисалы – климаттын өзгөрүүсү менен коомчулуктун жашоосун, адамдардын үй-бүлөсүн өзгөртүү керек болот. “Таштандыларды башкаруу үй-бүлөдөн жана мектептен башталат. Аял таштандыларды жок кылууда калкка жеткиликтүү болгон кызматтарды көрсөтө алат. Коомго экологиялык коопсуздук жана таштандылар менен кандай иш алпаруу керектигин, аларды түрлөргө бөлүүнү үйрөтөт.”

Бүгүнкү күнү эксперттер тарабынан Борбордук Азия аймагындагы аялдардын негизги көйгөйлөрү аныкталган. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды, жалгыз бой энелерди социалдык камсыздандыруунун начардыгы, айымдардын кызматы үчүн аз каражат төлөө, коомчулукта – аялдардын укуктук билиминин жоктугу, жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу.

Жергиликтүү деңгээлде бул көйгөйлөр менен кантип күрөшсө болорун Борбор Азиялык жана Кыргыз суу жана санитария альянсынын, «Алга» АКсынын, «Мехр-Шавкат» коомдук фондунун, Социалдык технологиялар агенттигинин өкүлдөру айтып беришти.

Суу жана санитария боюнча кыргыз альянсынын төрайымы Анара Чойтонбаева жашыл экономикада аялдардын ролунун маанилүүлүгүн белгилейт. Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда аталган жерлерде жашаган аялдардын катышуусу менен экономикалык өнүгүү максатында иш-чаралар өттү. Алар аялдардын жашоо шарттарын жакшыртууга, алардын жергиликтүү структураларда чечүүчү чечимдерди кабыл алуусуна, гендердик теңчиликке багытталган.

«Мехр-Шавкат» коомдук фондунун өкүлү Саида Ахматакунованын айтымында бүгүнкү күнү түштүктө, өзгөчө Кыргызстандын чектеш аймактарында жайгашкан айылдарда аял болуу өтө оор. Анын пикиринде, ал жактарда зордук-зомбулук күч алган жана айымдар жеткиликтүү маалыматка ээ эмес. Ошондой эле каржылык жактан тартыштыктар күч, бизнес жүргүзүү боюнча программалар жетишсиз.

«Мехр-Шавкат» коомдук фонду Ош облусунун Араван районундагы айыл-чарбасын, киреше алып келүүчү иштерди, энергетикалык ресурстарды, ичүүчү сууну жана санитарияны изилдөөгө алган. 102 адамдын катышуусундагы изилдөөнүн натыйжасында айылда кызмат көрсөтүүнүн жоктугу, техниканын, складдык имараттардын жетишсиздиги, айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнүн жоктугу жана түшүмдү ортомчулар аркылуу сатуу, үстөк пайызы аз насыялардын жеткиликсиздиги, таза суунун жетишсиздиги сыяктуу маселелер бар экени белгилүү болгон.

“Райондо 100 айымдын катышуусундагы өзүнө-өзү жардам берүүчү топтор түзүлгөн, алар айыл-чарба тармагында бизнес план түзүү сыяктуу окуулардан өткөн. Аялдар адистерден кеңеш алышып, тажрыйба топтошот. Ошондой эле «Мехр-Шавкат» өзүнө-өзү жардам берүүчү топтордогу эң жакшы катышуучуларды үлгү катары көргөзөт. Биз эми пахта, эрте бышуучу бадыраң, картошка, капуста өстүрүүнү үйрөндүк жана аларды Араван базарына сатабыз. Бара-бара ал айыл-чарбадагы дүң базарга айланды”,-дейт өзүнө-өзү жардам берүүчү топтордун Араван районундагы Берлик айылындагы лидери Джумахон Тилевалдиева.

“Эгер биз микрокредиттик агенттик ачпасак мындай ийгиликтерге жетишмек эмеспиз. Биз эми аялдарга бизнести өнүктүрүү үчүн жылдык 19% үстөгү менен насыя беребиз. Кепилдиги жок жеке насыялар — 27%,топторго — 24% менен насыя беребиз. Биз топтун мүчөлөрүнө чакан бизнести каржылоого насыя алууну үйрөтүп, сактоо фондун түздү, баалардын анализин жүргүзүп, жарманкелерди өткөрүп турабыз” ‚-деди каржылык адис Мавлюда Мырзаколонова.

“Кыйынчылыктарга карабастан биз айымдардын ролун арттырууда оптимисттик көз карашты карманабыз. Анткени аялдар практика жүзүндө мындан үй-бүлө, коомчулук, аймак, өлкө утушка ээ болорун көрсөтүштү”,-дейт Зульфия Кочорбаева.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости