• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Абдынасип Тойчубаев: Айылга мейман їйїн ачуу пайдалуу!

14581329_1187275018012194_4307181754222089217_n

👁 1,173

Чет єлкєгє барып иштеп, бєтєн эл, бєтєн жерде жїргєндєн кєрє айылда жашап деле єзїўдїн жеке бизнесиўди ачсаў болот. Эмесе бїгїн сєз айыл жергесинде кантип мейман їйїн ачып киреше тапса болот деген негизде болмокчу.

Биз репортаж жасоо їчїн барган Чоў Кемин районунун Калмак Ашуу айылы Бишкек шаарынан 150 километр алыстыкта жайгашкан. Асман тиреген тоолордун арасын аралап олтуруп кичинекей айылга туш болдук. Кыргызстандагы башка айылдардан эч нерсеси менен айырмаланбаган бул Калмак Ашуу айылына киргенибизде эле жол жээктеп орнотулган прожекторлор кєзгє урунду. Ошентип айыл ортосундагы «Ашуу» деп аталган мейман їйїнє кирип бардык. Бизди їйдїн ээси жетимиш їч жаштагы Абдынасип Тойчубаев тосуп алып, дилгирлик менен мейман їйї менен тааныштырып, анын кандайча негизделип калгандыгын баяндап берди.

- Абдынасип мырза, айтсаўыз мейман їйїн ачууга эмне тїрткї болду?

- Биз айылда эл катары жер айдап, мал багып кїн кечирип келер элек. Анын їстїнє 1996-жылдары элге єтє эле оор учур болбодубу. Бир кїнї уулум Тєлєн Тойчубаев шаардан келип калды. Ал єзї бизнесмен болгондуктан чет єлкєгє кєп чыгар эле. «Ата, туристтер башка элдин маданиятына, салтына аябай кызыгышат. Андыктан жалгыз эле жерди карап олтура берген болбойт. Жерден тїшкєн кирешеўиз деле жылдан жылга жетпейт. Ошон їчїн мейман їйїн ачып, туристтерди кабыл алыўыз» деген сунушун айтты. Ойлонуп кєрсєм чынында эле жакшы идея экен. Ошентип мейман їйїн ачуу їчїн алгач єзїбїз жашап жаткан їйдї эле атайын кыргыздын байыркы туш кийиз, шырдактарын колдонуп, этникалык негизде жасап чыктык.

- Канча каражат менен баштадыўыздар?

- Кайдагы каражат. Ал кезде каражат деле жок. Болгону анча-мынча малыбыз бар эле. Албетте кыйынчылыктар кєп болду. Керебет жасатканга акчабыз жок, кампалардагы керебеттерди сурап алдык. Андан кийин балдар лагери сыяктуу кылып балдарды кабыл алып турдук. Журналисттерди чакырып, кєргєзїп, рекламалай баштадык. Кийин туристтик компаниялар менен келишим тїзїп, туристтерди кабыл алып баштадык. Алардан тїшкєн каражатты кайра эле мейманканага жумшап жаттык. Атайын єзїнчє коттедждерди курдурдук. Аларды деле кымбат материалдан эмес топурак, таш сыяктуу арзан материалдар менен жасадык. Анткени туристтерди кымбат нерсе менен эмес, нукуралык, экологиялык таза нерселер менен таўгалдыра аласыў. Керебеттерди деле жєнєкєй жыгачтан эле жасатып койдук.

- Ал эми келген туристтер эмне менен алектенишип, кайда барышат?

- Туристтер ат минип тоого чыгышат, кээ бири жєє кыдырып кетишет. Їй-бїлєсї менен келип бала-чакасы кенен жерде чуркап ойношот. Бизде эў негизгиси абасы, суусу таза, жайкысын чымын-чиркей жок. Жогоруда туристтик компаниялар менен келишим тїзгєнбїз деп айтпадымбы, мына ошол компаниялар туристтерге Кыргызстандын кооз жерлерин кыдыртып тур єткєрїшєт, ошондо биздин айылга да бир кїнгє келип кетишет. Мисалы, Ысык-Кєлгє баратышса жолдон бир кїнгє биздин мейман їйїбїзгє конуп, тоого чыгып эс алышат. Айрым чет єлкєлїктєр канаттууларга кєз салганы келишип, аларды изилдеп, сїрєткє тартып кетишет. Чїй суусунун башы Чоў Кеминде да, андыктан, айрым туристтер кайык менен сууга сїзїїгє келет. Ал дагы туризмдин бир тїрї болгондуктан атайын компаниялар алып келип сїздїрїшєт.

- Демек киреше булагы жакшы эле тїшєт экен да?

- Негизинен мындай бизнес ачуу їчїн мамлекетте стабилдїїлїк керек экен. Аксыдагы окуя, эки революция учурунда туристтер такыр келбей калышты. Азыр тынч болгонго кайрадан акырындык менен туристтердин саны кєбєйїїдє.

- Сиздерге кыргызстандыктар дагы келеби?

- Сейрек келишет. Кєбїнчє эл аралык уюмдар бул жакка семинар, конференция, тренинг єтїшєт, ошол учурларда кыргызстандык катышуучулар келишет. Биз мындай иш-чаралар їчїн эки конференция залын салып койгонбуз.

- Сиздерге келген меймандарды тейлєє жааты кандай, кызматкерлериўиз туугандарбы же айылдыктарбы?

- Айылдын кишилери. Аларга убагында айлык тєлєп турабыз. Жаўы ачканда бєлмєлєрїбїз жетишпей, айылдагы колунда барлардыкына жаткырып дагы жїрдїк. Бул жерден тамак ичип алып, тигил жакка жатканы барышчу. Азыр эми бєлмєлєрдї токсонго жеткирдик. Кызматкерлерди кєбєйттїк.

- Мейман їйїн ачууда эў негизгиси эмнелерге кєўїл буруу керек?

- Эў негизгиси тазалыкка кєўїл буруу зарыл. Экинчиден, тамак-ашы жакшы болуш керек. Туристтерге жакшы мамиле кылып, алардын коопсуздугун дагы камсыздап, электр энергия менен салыкты убагында тєлєп турса эле иш алдыга жылат. Дагы бир айта кетчї нерсе, айылда атайын ат багып бизге келген туристтерге ижарага берген балдар бар. Аттарды єзїбїз кармап, бакканга мїмкїнчїлїгїбїз жок. Ошондуктан айылдагылар ат менен камсыздоосуна шарт тїзгєнбїз. Алардан ат алып тоону кыдырышат. Эгер туристтер заказ берсе ат майданыбыз бар ошол жерде кыргыздын улуттук улак, кыз куумай, тыйын эўмей оюндарын кєргєзїп беришет. Мындан сырткары боз їйдї кантип тигип, кантип чечїї керектигин кєрсєтїшєт. Жайкысын боз їйгє жатабыз десе, боз їй тигип беребиз. Мына ушундай нерселердин бардыгы туристтерди тартат. Эгер кимдир бирєє мейман їйїн ачам десе туристтерди кызыктыруучу нерселерге кєўїл бурушу керек.

Н.Козубаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости