10 эл аралык мигранттардын алтысы Азияда жана Европада жашашат жана алардын көпчүлүгү айылдыктар. Көпчүлүк учурда мигранттар шаарга келишип, жумуш табышып айылда калган үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтүп турушат.
Туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Женевада өтүп жаткан БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан уюштурулган Регионалдык форум учурунда миграция, айыл-чарбасынын өнүгүүсү жана айылдык аялдардын абалы байланышта болору айтылды. Бул форум 1–2-мартта БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы тарабынан өткөрүлдү.
Талкуу форумдун катышуучуларына айылда жашагандарды жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жаңы идеялары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Айылдардан адамдардын кетип жатканынын себеби кедейчилик жана жумушсуздук. “Айыл-чарбасын жана райондорду өнүктүрүү миграциянын негизги себептери менен күрөшкө жардам берет. Айылдардагы кедейчилик, азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу, теңсиздик, жумуштун жоктугу, социалдык коргоонун жоктугу жана жаратылыштын жабырка жатканы миграциянын бирден бир себеби болууда. Мындан биринчи кезекте аялдар жабыркап жатышат ”,-деди БУУ ФАО Европа жана Борбордук Азия боюнча Аймактык бюросунун жетекчиси Владимир Рахманин.
Мигранттар жөнөткөн эл аралык акча которуулардын 40 пайызы айылдарга багытталган. Бул акча которуулар аялдарга каржылык абалын оңдоого жана балдарын тойгузууга жардам берет.
Бирок маселени чечүү үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, айыл-чарбасын өнүктүрүп, гендердик саясатка багытталган иштерди жүргүзүп, айылдагы чакан жана орто ишканаларды колдоо керек.
“2030-жылга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартиби гендерди теңчиликке багытталган. Алдыга коюлган максаттардын бири өндүрүш ресурстарынын аялдарга жеткиликтүү болуусу, аялдарга жерге ээлик кылууга жана жеке менчикке толук кандуу укук берүүгө умтулуу”,-деди Рахманин.
Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун аялдардын укуктарын кеңейтүүгө жана аны колдоого багытталган иши дагы ушундай эле принциптерге таянган. Ал айылдардагы аялдарга жардам берүү, кол өнөрчүлүк аркылуу киреше табууда колдоо көрсөтүүгө багытталган.