КРнын статистикалык маалыматына ылайык, калктын саламаттыгы начарлап бара жатат.
Тамак аштын сапаттуу болбогондугунан жана адамдар жакшы тамактанбай баштагандыктан гипертония, аз кандуулук, кант диабети менен жабыркагандардын саны өсүүдө.
Айылдык активисттер саламаттыкты сактоо маселесин өз мойнуна алышарын билдиришкен. Ошентип алгач Нарын облусунун Жумгал районунда 15 ден соолук комитеттери түзүлгөн. Коомчулуктун демилгеси бара-бара колдоо таап, коомчулуктун ден-соолугунун чың болуусуна таасирин тийгизе баштаган.
“Ошондой эле Айылдардагы ден-соолук комитеттери ФАПтарды жашылдандырууга катышып, жаратылышка дагы өз салымдарын кошуп келишет”,-деди эколог Илья Домашов.
Ысык-Көл облусунун Айылдардагы ден-соолук комитетинин өкүлү Керимбек Мукамбетов 6 жылда Түп районундагы мектеп окуучуларынын арасында йод жетишсиздиги 37%дан 3%га азайганын билдирди.
Айылдардагы ден-соолук комитеттери улуттук деңгээлде Ассоциацияга бириккен. Анын мүчөсү Кубанычбек Атанов: “Жумгал районундагы пилоттук долбоордун үлгү алса болот. Ал мамлекеттик структура менен коомчулукту бириктирип турат”-деди.
Айылдыктардын ден-соолугун жакшыртуу үчүн ооруну алдын алууну гана карабастан мектеп окуучуларынын коопсуздугун дагы ойлоо керек. Сууларга көпүрө салып, мектептер жылуу болуусу зарыл.
Учурда ал көйгөйлөрдүн 87%ы чечилген, ал эми 7%ы чечилүү алдында турат. Бул жыйынтыкка кантип жетишүү мүмкүн болду?
Ийгилик эки тараптын бирдиктүү иштөөсүнөн улам жаралды.
-
- Айылдардагы ден-соолук комитеттеринде айылдыктардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үчүн мотивация жана калоо күч, себеби алар дагы ошол коомдун бир бөлүгү;
- жергиликтүү калк активисттерди жана лидерлерди тааныгандыктан аларга ишенет.
Бул демек Айылдардагы ден-соолук комитеттери жергиликтүү деңгээлде маселени чечүү үчүн айыл тургундарын бириктире алат дегенди түшүндүрөт.
“Айылдардагы ден-соолук комитеттеринин үнү” деп аталган кыймылдын алкагында Айылдардагы ден-соолук комитеттеринин мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштешип башташкан. Натыйжада 3 964 мүчөлөрү 2017-жылда коомчулук эмнеге муктаж экенин аныкташкан. Ал эми коомчулуктун 1592 мүчөсү 20 айыл менен тажрыйба алмашууга катышкан. Ошондой эле 1527 адам 2016-жылы жергиликтүү бюджетти колдонуу талкуусуна катышкан”-,-деди Айнура Жунушалиева
“Айылдардагы ден-соолук комитеттеринин үнү” 2015-жылдан тарта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 24 млн сом бөлдүрүп алууга жетишкен. 16 млн сом сырткы булактардан келген.
Натыйжа жакшы болууда, мисалдар:
-
- Масын айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылында көпүрө оңдоодон өтүп, жол боюна аялдамалар курулуп, мектеп автобусу сатып алынды;
- Улахол айыл аймагына тиешелүү Шор-Булак айылында көчө жарыгы оңдолуп, мектептерде жана ФАПта кол жууганга раковиналар орнотулган;
- Өмүралиев айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылында көчө жарыктары орнотулуп, таза суу чыгарылган.
- Кочкор айылынын Исакеев айылында айылдык клубдун айланасы жашылдандырылып, клубда жылытуу системасы орнотулган, көчөлөргө жарыктар да орнотулуп, таштандылар чыгарылган;
- Александровска айыл аймагына караштуу Александровка айылында мектептин жылытуу системасы, муниципалдык жолдор, лабораториялар оңдолуп, таштанды чыгаруу уюуштурулган;
- Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой айылында футбол аянты курулуп, муниципалдык жолдор курулган;
- Кыргызстан айыл аймагына караштуу Манас айылында жашылдандыруу иштери жүргөн;
- Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылында муниципалдык жолдор оңдолгон жана таштандылар чыгарылган.
Бул мисалдар активдүү Айылдардагы ден-соолук комитеттер бар экенин көрсөтүп турат. Алар көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү бийлик менен өнөктөш болуп, жолугушууларда, депутаттарды тандоодо дагы роль ойношот.
Ирина Байрамукова