Биздин көзгө басар экономика илиминин доктору Айылчы САРЫБАЕВден кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал, азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүшү тууралуу cөз кылууну чечтик.
Мындан тышкары Казакстан бере турган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тарткан кыргыз бийлиги тууралуу да айрым суроолорду узаттык.
– Казак-кыргыз чек арасындагы абал, баалардын көтөрүлүшү элди кыйнап турат. Бул абал тууралуу кандай пикирдесиз?
– Бул болгон жана боло бере турган окуя. Чек арадагы карым-катнашта коррупция күч алып, акча берип ары өтүп, акча берип бери өткөнгө айланса, бул өтө кооптуу болот. Мамлекеттик орган ошону катуу текшерип, көзөмөлгө алып иштеши керек. Бул абал дагы калыптанып калса бир топ кишилер банкротко учурайт. Бизнестеги иштеринен кол жуушат.
Эгер мамлекет өзү таза иштесе, мамлекеттик чек арага койгон адамдар таза иштесе, ар бир өтүү процесси мурдатан эле мыйзам чегинде туура жөнгө салынса, анда мындай көйгөй азыр жаралмак эмес. Бул көйгөй казактарда дагы, кыргыздарда дагы – эки жакта тең бар. Булар мурдатан эле ушундай иш алып барышчу. Бир көйгөйлөр чыга калып кайра чоң суммадагы акчалар менен аны жаап, бири-биринин тилин таап көнүп калышкан. Бул көйгөйдү жөнгө салыш үчүн баардык ишти мыйзам чегинде гана аткарууга аракет кылуу керек. Биз да кичине башыбызды өйдө көтөрүп, өзүбүздүн байлыктарыбыз, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз менен оокат кылабыз дешибиз керек.
– ЕАЭБ муну карап чечип бериши керек эле, чабалдыгыбыз дагы байкалып жатат деген пикирлер айтылып жатат…
– Биз негизи ЕАЭБден көп нерсени күтүп алганбыз, бирок анын баары аткарылышы кыйын экени көрүнүп калды. Бир уюмга бириккенибиз менен биздин ортобузда мамиле азырынча өтө начар экенин сезип калдык. Буга чейин мындай мамиле Орусия менен Беларустун ортосунда да болгону буга далил. ЕАЭБге киргенден кийин чек ара боюнча алар да иш алып барыш керек болчу. Чек аралар ачык болушу керек эле. Тилекке каршы, чек араны ачып-жаап Бажы биримдигине кирбегендей эле абалда турабыз. Алардын мыйзамдарына каршы келген иштер болуп жатат. Ал жакта аткаруучу дирекция деп коёт. Биз тараптан да өкүл болуп иш алып барып иштеп жаткан адамдарыбыз бар. Тилекке каршы, Кыргызстандан дайындалган адамдар иштебей отурушат. Ошолор биринчи добулбас кагып, маселе катары алып чыгып кароолору керек эле. Бирок жеп-ичип көнүп калгандар дагы деле эч нерсе болбогондой тымпыйышат.
Тонналаган алма, алмурут биздин жемиштерибиз декларацияда жок, документтери туура эмес деп кайра кайтарылды. Айрымдары убагынан өтүп жараксыз абалда келгени, бийликтин канча адамдын убалына калганы кейитет…
Кептин баары ошондо болуп жатат. Бузулуп кетчү тамак-аштар ишкерлерди банкротко учуратууда. Алмалар кайра кайтарылса, ал адамдардын кампалары бар. Биздин борбор калаабызда да базарлар бар. Бизде өзүбүздүн Ысык-Көлдүн алмаларынын баасы асмандап кетти. Элибиз болсо Кытайдан келген же башка жактан келген начар сапаттагы алмаларды жеп жатышат. Биздин базарды да толтурушсун. Андан эч нерсе болушпайт.
– Казакстан бере турган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартты. Сиз кыргыз бийлигинин бул кадамын кандайча баалап жатасыз?
– Бул бир жагынан алганда, бизде көмүскө экономика абдан чоң деңгээлде, 60–70%га чейин жетет. Ошону легалдаштырып, ачыкка чыгарып, бардык салыкты мамлекеттин чөнтөгүнө төктүрүп коюшса эле, биздин өлкө да башка өлкөлөрдөн акча сурабай турган деңгээлге жетет элек.
Андыктан бийликтин азыр кабыл алган чечими экономикалык жактан алганда туура. Биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук колдонсок, ошонун баарын иштетсек, бул акыбалдан чыгып кетебиз. Экинчи, саясый жагынан алганда, ЕАЭБге киргенден кийин бардык өлкөлөрдө шарт бирдей болушу керек, эки киши айтышып калды деп, эки өлкөнүн ортосуна чуу салбаш керек эле.
Жамиля Нурманбетова