Айыл жергесинде жашагандар айлыгын накталай алуу үчүн райондун борборуна каттабай, өзүнүн турган жеринен чыгарып ала алмакчы.
Өкмөт Кыргызстандагы 120 почта түйүнүнө POS-терминалдарды орнотуп, эми элеттеги эле карттагы айлыктарын накталай ала баштады. Бул туурасында Кыргыз почтасы ишканасынын өкүлү Рита Алымкулова билдирди.
Алымкулова 120 почта түйүнү 330 айылды тейлээрин кошумчалады.
«Айылда жашаган киши POS-терминалдан картында канча акча которулганын, канчасы калгандыгын билип, андан сырткары накталай да алат. Картанын ээсине акчаны почта кызматкери берет», — деди Алымкулова.
Бүгүнкү күндө бюджеттик уюмдарда иштегендердин көбүндө айлыктары колуна берилбей, магниттик төлөм карттарына салынат.
Эми элетте жашагандар айлыгын накталай алуу үчүн райондун борборуна каттабай, өзүнүн турган жеринен чыгарып ала алмакчы.
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик каттоо кызматынын жардамы менен аталган техникалардын дагы башка айылдарга орнотуу иштери пландалууда.
POS-терминалдар Тогуз-Торо, Токтогул, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын, Алай. Кара-Кулжа, Кара-Суу, Чоң-Алай, Баткен, Кадамжай, Лейлек, Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондорунагы почта түйүндөрүнө орнотулган.