Учурда башка абалды көрүүгө болот, таштанды улам-улам жаңы аймактарды каптап бара жатат. Мындай өзгөрүүлөргө себеп бат эле табылат. Өтө көнүмүш угулганы менен ушундай. Жогоруда айтылган айыл аймактарынын жашоо шарты өсө баштаган.
Кафелер, дүкөндөр жана башка социалдык-маданий багыттагы мекемелер иштеп баштады. Товар айлануу жогорулады, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулады жана ушуга байланыштуу таштанды да көп боло баштады. Кечээ эле бул жерлерге жат болгон таштанды учурда кадимки көрүнүшкө айланып бараткандай. Албетте, мезгилден артта калбастан ар бир маселе пайда болору менен аны чечүү жолдорун издөө керек.
Тилекке каршы, таштанды менен күрөшүү боюнча жакшы мисалдар жокко эсе. Таштандыны бөлүп таштоо калктын көбүнө жат көрүнүш. Жада калса борбордо азыркыга чейин таштандыларды бөлүп таштоо үчүн челектер орнотулган эмес жана бардык таштандылар бир эле челекке ыргытылат.
Буга байланыштуу дал ушул Ала-Бука районунда учурда «ИНИЦИАТИВА» долбоору ишке ашырылууда. Ал айыл элин иш менен камсыз кылуу жана кирешелерин жогорулатуу үчүн жаңы технологияларды колдонуу каралган. Долбоорду Европа биримдиги каржылап, «Eco Himal» Австрия уюму жана «Агенты перемен» жана «Центр стратегирования бюджетного процесса» уюмдарынын жардамы менен ишке ашырылууда.
Бул долбоордун алкагында пластик түтүктөрүн иштеп чыгуучу цех ачылган. Ал эки багытта иштетилет:
1 – полиэтилен баштыктарын иштетип гранулдарды даярдоо,
2- гранулдардан пластик түтүктөрү даярдоо.
Бул цехти чийки зат менен камсыз кылуу үчү Ала-Бука району боюнча коомдук жайларда пластик жана полиэтилен топтоочу челектер орнотулган.
Цехтин жетекчиси бул менен эле токтоп калбастан башка органикалык, кагаз, чүпөрөк таштандыларды дагы иштетүүнү пландоодо.
Бул демилгени көңүл буруусуз калтырууга мүмкүн эмес жана коомчулук дагы, Ала-Бука районунун администрациясы дагы таштандыны кайра иштетүүнү колдоо үчүн болгон чараларды көрүүсү абзел. Учурда фундаменти түптөлгөн ишти таштап койбой, аны алып кетүү зарыл.
Э. Джумалиева.