Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу сөз болсо эле жергиликтүү бюджетте каражат жок бирок аткарыла турчу иштер чачтан көп экени белгилүү болот.
Кыргызстандагы айылдардын жана шаарчалардын көйгөйлөрү жыл санап өсүүдө: жолдорду оңдоо, таза суунун жана сугат суунун жетишсиздиги, ФАПтарды мышык ыйлагыдай абалы, адистердин жетишсиздиги, жумуштун жоктугунан улам жашоочулардын чоң шаарларга кетип жатканы, ветеринардык кызматтардын абалынын начарлыгы… Бир сөз менен айтканда жакшы жактарга караганда терс жактар көбүрөөк болгондой. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаты кээ бир учурларда жөнөкөй нерселерге дагы жетпей калган учурлар болот!
Жакында эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын абалын чагылдырган плакаттардын көргөзмөсү болду. Г. Айтиев атындагы улуттук музейде “Азыр ушул жерде жашоо жакшы-2017” деп аталган плакаттар көргөзмөсү болду. Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзу, С. Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайы автордук иштери аркылуу көрүүчүлөргө жергиликтүү башкаруу системасын жеткирүүнү көздөгөн, графикалык, шрифттик, жана сүрөт элементтери сыяктуу ар кандай жолдор менен жарандык катышуунун принциптерин ачып беришти. Саясий өнүктүрүү институтунун адиси Жылдыз Керимова бул көргөзмө келерки жылдын башынан баштап Кыргызстандын баардык региондоруна көрсөтүлөт деп айтты.
84 автор ашык кеми жок келгендерге жергиликтүү башкаруунун болгон ыйлагыдай абалын жеткизе алышты. Миң жолу укканча бир жолу көр дегендей болду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мурат Байдылдаевдин айтуусу боюнча биздин өлкөдө 80 % айыл аймактар дотацияда! Бул 20% гана айыл аймактары өз чыгымдарын өзү жабат дегенди билдирет. Калгандары мыйзам аркылуу аныкталган иштин көп бөлүгүн чектелүү гана аткарат, же таптакыр аткарышпайт. Бул калктын мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөсүнүн сапатына жана мүмкүнчүлүгүнө кандай таасирин тийгизет? Жооп белгилүү! Ошол үчүн элдер аймактан борборго келип атат, кары – картаңдар кыйналып атышат, аялдар жана жаш балдар калктын аялуу катмары болуп калды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылоо туруктуулугун түзүш жана бекемдеш керек, бюджеттер аралык мамилени, башкача айтканда республика аралык жана жергиликтүү бюджет байланышы , ошондой эле бир деңгээлдеги бюджеттер байланышы (шаар — шаар, шаар – айыл аймак, айыл аймак – айыл аймак). Бюджеттер аралык мамилелер бюджеттер аралык мамилелердин принциптеринен түзүлүшү шарт жана туура келген жөнгө салуу куралы менен каржыланышы керек. Ошондо гана жергиликтүү бийлик өз алдынча боло алат, ал эми айылдар жана кичи шаарлар өздөрүн каржылап өз алдынча бага алат »,-деди Мурат Байдылдаев.
2013 жылдын 18 декабрындагы №678 токтом менен “ 2013–2017 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү программасы “ бекитилген. Анын приоритеттүү багыттарынын бири финансылык туруктуулукту бекемдөө, ресурстук базаны кеңейтүү, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү. Өлкөнүн стратегиялык ишке ашыруунун биринчи натыйжасы калкты жеткиликтүү жана сапаттуу , жергиликтүү бийликтин ишеничин актаган, эффективдүү муниципалдык башкаруу болуусу керек.
5 жыл өттү! Албетте , аз эмес иш жасалды дагы жасалчу иштер көп. Кезек менен, өлкө максаттуу түрдө күчтүү финансылык жана ресурстук жергиликтүү башкаруу органдарды түзүүгө киришүүдө.
Бирок чындыгын айтканда натыйжа ойлогон пландардан өтө эле алыс. Жергиликтүү башкаруу органдары чечүүчү көйгөйлөр ар дайым ресурстарга адекваттуу эмес фактысы чыгат: качан гана мындай ресурстар аз же алар өтө борбордоштурулган, бул жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүктөрүн азайтаары айтпасаң да белгилүү. Башкача да болушу мүмкүн – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалитеттин маанилүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн материалдык техникалык , каржылык жана эмгек ресурстары менен эффективдүү жана туура пайдалана алышпайт.
Конституцияда айтылат “ жергиликтүү өз алдынча башкаруу – конституция тарабынан гарантталган жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын өз карамагына алууга , көйгөйлөрүн чечүү мүмкүнчүлүгү бар”.