28-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Назаров, А. Эргешов, М. Эгембердиев, М. Айнакулов, Р. Туманбаева, А. Осмонова, А. Узакбаев.
Маалыматка ылайык, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясын түзүүдө жайыттар анча баалуу эмес жерлерге кирип калган. Иш жүзүндө жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.
Демилгечи депутаттардын бири Айтмамат Назаровдун айтымында, Кыргызстандын улуттук кенчи болгон жайыттарды туура пайдалануу менен мал чарбасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин көтөрө алабыз. Бирок азыркы күндө жайыттарды башка категорияга которуу фактылары жок эмес. Ошондуктан жайыттарды өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясына киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Сунушталган долбоор аркылуу жайыттардын баардык түрү өзгөчө баалуу жерлер категориясына киргизилүүдө. Жайыттарга тиешелүү маселелердин баарын КР Өкмөтү тарабынан чечилиши керек”.- дейт А.Назаров.
Талкууда депутат Дастан Бекешев Нарын облусунун Ак-Талаа районунда айрым жерлерде документте жайыт деп белгиленген, бирок өзү таштак болгон жерлер кандай болооруна кызыкты. Кадастр департаментинин өкүлдөрү бул маселени карап көрүүүгө убада кылышты. Мындай жерлер Ноокат районунда дагы бар экенин депутат Махабат Мавлянова көтөрдү.
Депутат Мирлан Бакиров мындай таштак жерлер, айыл четиндеги таштакка айланган жайыттарды айыл чарба багытына пайдалануу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып алып келерин маалымдады.
Жыйын жүрүшүндө жайыттарды турак жай курууга которуу мүмкүнчүлүгү бар экени белгилүү болуп, бир катар депутаттар жайытты туракжай курууга берүү мүмкүнчүлүгүн юристтер менен тактоо зарылдыгы айтылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.