Экологдордон турган изилдөөчүлөр тобу Чүй олусундагы Жаңы Пахмат жана Красная речка айылдарындагы дыйкан чарбаларынын жетекчилери жана карапайым калк менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Дыйкандар айыл-чарбасында уулуу химикаттарды колдонушарын жашырышкан жок.
Белгилүү болгондой, отоо чөптөрдүн түрү көп. Алар менен күрөшүү үчүн жана түшүмдү көп алуу үчүн агрардык тармакта көптөн бери химиялык технологиялар колдонулуп келет. Бирок мунун терс жактары дагы бар: ал калктын саламаттыгына доо кетирип, курчап турган чөйрөнү бузат.
Изилдөөчүлөр дыйкандар уулуу химикаттарды кайдан сатып алышарын, аларды кантип сакташарын жана колдонушарын билип кайтышты. Тактап айтканда, дыйкандардын көбү атайын кол кап, атайын кийим жок эле, күнүмдүк кийим менен эле химикаттарды чачышарын билдиришкен. Экологдор дыйкандар ууланып калуудан коркушпайбы деп таң калганын жашырышкан жок. Химикаттарды колдонуп жатканда башы айланып, кускусу келген дыйкандар жумушун таштап дарыгерге кайрылгандын ордуна бир аз жатып чай же айран ичип алышат. “Абалы оорлошуп кетсе гана лаксидофил же лактолид сатып алышат дагы күнүнө 3 жолу ийне сайдырышат. Ошону менен дарылануу бүтөт. Ооруканага кайрылууну уят көрүшөт. Мындай абал жыл сайын кайталанып келет, эч нерсе өзгөргөн жок”,-деди атын атагысы келбеген дыйкан.
Коргоочу каражаттардын жоктугу бул жакырчылык маселеси. Ал эми маселени ачыкка чыгаргысы келбегендери бул салт маселеси.
Медиктер химиялык заттар менен иштөөдөн ооругандар агро-өнөр-жай тармагынан ооругандардан 2–3 эсе көп экенин айтып келишет. Айыл-чарба тармагында өсүмдүк өстүрүүдө уулангандардын саны жалпы уулангандардын 70%ын түзөт. Уулуу заттар менен иштеген учурда аны чачканда эле эмес келечектеги тукумга да терс таасир тиет. Ошондой эле айылдарда жумушсуздук күч алып турганы жана карапайым калк жер иштетүү менен жанын багып жатканы жашыруун эмес. Жада калса өспүрүмдөр жана балдар дагы ата-энелери менен бирге талаага чыгышып, аларга жадамдашып келишет. Алар дагы уулуу химикаттар менен иштеген күндөрү болот!
Балдарды пахта терүүдө, тамеки жыйноодо жана күрүч талааларында иштетип келген учурлар көп кездешет. Бул балдар өзү менен тең курдаштарынан өнүгүү жагынан артта калып жатканын изилдөөлөр көрсөткөн.
“Балдардын териси чоңдордукунан бир топ жука келет. Бул тууралуу ата-энелерге жана балдарга маалымат берүү зарыл”,-дешти экологдор.
Жалпысынан жолугушуунун жыйынтыгында дыйкандар уулуу химикаттарды колдонууда алардын зыяндуулугу жана калктын саламаттыгына тийгизген терс таасири тууралуу маалыматка ээ эмес экени белгилүү болгон. Бул дыйкандардын айыл-чарба химикаттары менен иштөөдө копсуздук техникасын сактабагандыгынан кабар берет. Сурамжылоого катышкандар зыянкечтер менен күрөшүү үчүн «Тайфун», «Ураган», «БИ-58” сыяктуу химикаттарды колдонушарын айтышкан. Дыйкандар Кытайдан жана Россиядан чыгарылган химикаттарды алышат. Бирок аны канча өлчөмдө колдонуу керектиги тууралуу маалыматка ээ эмес жана айылдаштарынын кеңеши менен эле өсүмдүктөрүн дарылап келишет. Ошондой эле сатуучулар дагы кантип колдонууну түшүндүрүп беришет. Бирок сатуучулардын баары бул маселе боюнча адис деп айтууга мүмкүн эмес.
Дыйкандардын айтымында, зыянкечтер менен күрөшүү үчүн дарыларды саткан атайын дүкөндөр Бишкекте гана бар. Ал эми айылдыктарды жергиликтүү соодагерлер эле камсыздап келишет. Алардын химикаттарды сактоочу атайын жайы жок жана кеңеш бере алышпайт. Изилдөөчүлөр дүкөндөрдү кыдырган учурда уулуу химикаттар азык-түлүктүн жанына коюлуп сатылып жатканына күбө болушкан.
Мындан тышкары изилдөөчүлөр таңгактагы уулуу химикаттарды колдонууда дыйкандар көңүл кош мамиле кылып жатканын, аларды туура эмес сактап жатышканын белгилешти. Тактап айтканда, химиялык заттардын калган калдыктары талаада жана ачык жерлерде сакталат. Ал эми суулар аккан арыктарды тазалоо дагы эч кандай атайын кийимдерсиз эле жүргүзүлөт. Ал эми химиялык заттардан калган баштыктар, идиштер өрттөлөт же талаада таштанды катары кала берет.
Экологдор агрардык тармакта химиялык заттар коркунуч жаратып жатканы тууралуу коңгуроо кагышууда. Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жер-жерлерде карапайым калк үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранып келишет. Жаңы-Пахта жана Красная-Речка айылдарынын тургундары менен жолугушуу бул комплекстүү изилдөөлөрдүн башталышы гана.
Ирина БАЙРАМУКОВА