• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Айыл чарбасын каржылоо – 6» долбооруна 1 млрд 50 млн сом каражат каралган

korporatsiya-ayu-65

👁 1,100

Кыргыз Республикасында «Айыл чарбасын каржылоо-6» жаңы долбоорунун каржылоо шарттары тууралуу Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жумгалбек Сагынов 2018-жылдын 19-февралында маалымат берди.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 92 Токтому менен «Айыл чарбасын каржылоо – 6» долбоору бекитилген.

Чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында жана өлкөнүн ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба кооперациясын мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Жумгалбек Сагыновдун айтымында, долбоордун алкагында 2018-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына жеңилдетилген пайыздык ставка менен берилет.

Кыргыз Өкмөтү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди берүү үчүн коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын 2018–2020-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялайт.

Долбоорго ылайык, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы үчүн жылына 10%дык ставка менен, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына 6% менен, бак өстүрүүчүлүк менен алектенген субъекттер үчүн жылына 8%дык насыялар 3 жылга берилет.
Кыргыз Республикасынын 2018–2020-жылдарга республикалык бюджетинде «Айыл чарбасын каржылоо – 6» долбооруна 1 млрд 50 млн сом каражат каралган. Бул долбоорду максаттуу ишке ашыруу үчүн кошумча дагы шарттар аныкталган. «Мисалы, «мал чарбасы» тармагы үчүн жалпы каржылоонун 50%, «өсүмдүк өстүрүү» тармагына 25%, «айыл чарба продукцияларын иштетүү» тармагына 25% жумшалат», — дейт Ж.Сагынов.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости