Бүгүн айыл-чарба тармагында иштегендер, облустардын администрациялары чоң кызыкка туш болушту. Алар үчүн Бишкекте 17–19-май күндөрү «Айыл-Агро-2017» V Эл аралык агро өнөр-жай көргөзмөсү болду.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүп, «Айыл Банка» жана Россиянын атайын техникаларды чыгаруучу «Росагромаш» ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Эски аянтта, өкмөт үйүнүн алдында дүйнөлүк өндүрүштөрдүн жаңы машиналары, талаа иштери, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, азык-түлүк чыгаруу үчүн механизмдер коюлган. Жалпы 50 түрдөгү 100дөн ашуун техника бар. Учурда бул аймактагы эң ири айыл-чарба көргөзмөсү.
Бишкекте «АгромашХолдинг —техсервис» соода-кызмат кооперативи тарабынан дагы көргөзмө уюштурулган. Анын салтанаттуу ачылышы 15-майда жергиликтүү бийликтин, соода борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда болгон.
Экспозиция Чолпон-Ата,2 көчөсүндө 15-майдан 1-июнга чейин уланмакчы. Негизги максаты – дыйкандар маалымат алуусу жана ата мекендик жана чет элдик техника менен таанышуусуна шарт түзүү жана алар тууралуу маалымат берүү.
«Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы дагы фермерлерге айыл-чарба техникасынын түрүн сунуштайт: түшүм жыйноочу «Палессе» комбайны, Минсктин трактор заводунан чыккан «Беларусь» тракторлору, чиркегичтер, картошка сепкичтер, чөп чабуучу шаймандар, себүүчү жана пресс кылуучу, чачуучу техникалар ж.б. Дал ушул жерден сатып алуучулар тетиктерди дагы алса болот.
Ошол эле учурда Интернетте Бишкекте Япониянын мини тракторлорун сатып алуу тууралуу жарыялар толуп кеткен. Колдонулганбы жаңыбы бирок баасы жеткиликтүү.
Фермер Данияр 1987-жылы чыгарылган комбайндарды 100 миң долларга сатат, ал эми Сузактык Бекжан болсо 2000-жылы чыгарылган комбайнга 400 миң сом суроодо. Жүгөрү жыйноочу 2015-жылы чыгарылган комбайн 600 миң сом турат, 1987-жылкы гусеницалуу трактор 3500 долларга жакын! Бул техника колдонулган болсо дагы жүрүп турат.
Айыл-чарбачылар дүйнөдөгү жаңы агротехникаларга көз салып турганы жакшы деңизчи, бирок жаңы заманбап техникага өтө көп каражат керек.
Айыл-чарбада адамдар техникасыз, техника адамсыз боло албайт! Кыргыз фермерлеринин каражаты ашып-ташкан жери жок. Соко менен айдап, кол менен жыйнаса деле болот деңизчи, бирок анда экспорттук потенциал тууралуу айтуу кыйын. Техникасыз тармак тез эле натуралдык чарбага айланат дагы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун коркунучка кириптер кылат.
Алдыңкы өлкөлөрдө өкмөт айыл-чарбага жакшы көңүл буруп, сөзсүз түрдө жаңы технологиялар колдонулуп келет.
Мисалы, Хоккайдодо трактор, комбайндарда орнотулган GPS система аркылуу алардын ишине көз салып турса болот. Кабинетте отуруп эле алар кантип себип, кантип жыйнап жатканына күбө боло аласыз. Бул системанын жардамы менен канча май короп жатканын жана техника канча саат иштегенин да билсе болот.
Маселе 90-жылдары ири талаалар майда бөлүктөргө бөлүнгөнүндө дагы жатат.
Натыйжада көпчүлүк дыйкан чарбаларда тилкелер чакан жана көп трактор, комбайндын кереги жок. Бирок кичинекей талааларда түшүм да аз жана кымбат техника менен иштеп деле кереги жок.
«Айыл-Агро-2017» көргөзмөсүнүн ачылышында Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Өкмөт тарабынан өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү үчүн техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралганын, өкмөт ата мекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоо багытындагы саясатын улантарын билдирди.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт лизинг программасынын алкагында дыйкан-фермерлерге жаңы агрардык технологиянын шартында заманбап техникалар менен таанышууга мүмкүндүк түзөт.
Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев фермерлер “Айыл банктын” лизинг программасы аркылуу техниканы сатып алса болорун айтты. Ошондой эле 2020-жылга чейин машина-трактордук станциялар тармагын өнүктүрүү программасы ишке ашырылып жатканын жана бул убакытка чейин Кыргызстандын бардык облустарында 200 машина-трактордук станциялар ачылары пландалып жатканын айтты.
“Жыл сайын айылдагылардын көбү тракторду ижарага алууну каалагандыктан кезекке эрте жазылып коюу зарыл. Трактор тууралуу кыялданып келем. Каражатка келгенде эле маселе жаралат. Бул жерден лизинг тууралуу маалымат топтоп жатам, балким алам, чеч албай жатам”,-дейт ал.
“Биздин сатып алуучулар – эртеден кечке чейин иштегендер жана өнүгүү шарты катары механизацияны көрөт. Бирок көпчүлүк учурда техникаларды ири чарбалар же айыл-чарба кооперациялары гана алышат”,-дейт Мирлан.
Ирина Байрамукова