• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Айыл чарба техникаларынын дээрлик 80% эскилиги жетти

99

👁 919

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 28-мартта, 2018-жылдын жазгы талаачылык иштеринин жүрүшү боюнча облус жана район жетекчилеринин катышууусунда селектордук кеңешме өткөрдү.
Кеңешмени баштоо алдында Өкмөт башчы жакында Россия Федерациясынын Кемеров облусунда жакында болгон кырсыкка байланыштуу дагы бир жолу Россия элине көңүл айтты жана Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге соода-көңүл ачуучу борборлордо, башка коомдук жана элдердин жыш топтолгон жерлеринде өрт коопсуздугунун сакталышын текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт коопсуздугу боюнча окууларды жүргүзүп, жана калк арасында жеринен түшүндүрүү иш чараларын күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр өз сөзүндө дагы бир жолу айыл чарба – атамекендик экономиканын маанилүү тармактарынын бири болуп эсептелеерин белгиледи, буга байланыштуу жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясынын дүң жыйыны 207,4 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 2016-жылга салыштырмалуу 102,2% түзгөнүн маалымдады.

Ал белгилегендей үстүбүздөгү жылы аба ырайынын шартына байланыштуу жазгы талаа иштери 2017-жылга салыштырмалуу эки жумага эрте башталды.

«2018-жылы республика боюнча айдоо 584,1 миң гектар жерге пландалган. Бүгүнкү күндө 123,3 миң гектар жерде жумуштар аткарылды, бул жалпы пландын 21,1% түзөт», – деди Дайыр Кенекеев.

Аны менен катар вице-премьер-министр өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын дээрлик 80% эскилиги жеткенин белгиледи, буга байланыштуу дыйкандарга жана фермерлерге лизингдик насыяларды берүүнү активдештирүү жана кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Техниканы лизингге берүү үчүн тийиштүү каражаттар бар, бирок көп учурда тиешелүү министрликтер жана жергиликтүү бийликтер аталган маселени чечип берүүнү кечиктиришет», – деди Дайыр Кенекеев
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Өкмөт башчынын тапшырмасына ылайык, жер-жерлерде айыл чарба аянттарынын курамы жана адистештирүүгө үйрөткөн семинарлар жана түшүндүрүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Семинарлар жаңы айыл чарба методикаларын кийирүү, фермерлерди заманбап айыл чарба технологияларына үйрөтүү, айдоо аянттарын оптимизациялоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн айдала турчу жерлерге ылайыкташтыруу максатында өтүп жатат», – деди Нурбек Мурашев.

Андан тышкары анын айтымында айылдагы товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында аларды айдоо усулдары, күйүүчү майлоочу материалдары жана минералдык жер семирткичтери менен тийиштүү көлөмдө камсыз кылуу каралган. Аны менен катар айыл чарба техника жана гидротехникалык курулуштардын ремонту камсыз кылынат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри жазгы талаачылык иштерин тийиштүү түрдө жүргузүү максатында пайда болгон көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн республикалык штаб түзүлгөнүн кошумчалады. Өлкөнүн ар бир аймагында облустук штабтар түзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө «Айыл чарбаны каржылоо-6» программасынын алкагында 1 152 фермерге 405,6 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Республика боюнча иштер пландык режимде жүрүп жатат, региондордо күйүүчү майлоочу материалдарга болгон жетишсиздик байкалган жок», – деди Нурбек Мурашев.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-жерлердеги жазгы талаачылык жумуштарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти.

Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийликтегилерге зарыл болгон бардык иштерди мурда белгиленген мөөнөттө талап кылынгандай жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнө бул маселени күндөлүк көзөмөлгө алуу тапшырылды. Андан сырткары, жазгы талаачылык иштери жүзгүзүлгөн мезгилде күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана аны менен фермерлерди жетишерлик өлчөмдө камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле Өкмөт башчы «РСК Банк» ААК жана «Айыл банк» ААКтын жетекчилигине жер-жерлерде жеңилдетилген насыяларды берүү процессинин ачыктыгын жана тазалыгын камсыз кылууну буйруду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жергиликтүү бийликке региондогу аба ырайы шарттары тууралуу өз учурунда маалыматты камсыз кылууну тапшырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости