• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде 516 штаттык бирдикти кыскартуу болоору күтүлүүдө

👁 868

Кыргызстандын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиялык жыйынына катышты.

Коллегиялык жыйында 2017-жылы аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган маселелер каралды.

Ведомство жетекчилеринин 2017-жылда аткарылган иштери тууралуу докладдарын угуп, вице-премьер-министр инспекция малды идентификациялоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын белгиледи. Аны менен катар ал жакын арада чечүүнү талап кылган кемчиликтер да бар экенин айта кетти.

«Учурда өлкөнүн фитосанитардык тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Биз аларды жигердүү чечүү үчүн конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп жана тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек», – деди Дайыр Кенекеев.

Дайыр Кенекеев көзөмөлдө алдындагы объектилерди кароо абдан төмөн деңгээлде жүрүп жаткандыгын жана азыркы учурга чейин аталган объектилерди каттоо иши аягына чыга электигин белгиледи. Буга байланыштуу ал ушул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Вице-премьер-министр жаныбар аркылуу берилүүчү малдардын вирустук инфекция ооруларынын төмөндөшү боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү белгилеп, бул маселе боюнча көзөмөлдү мындан ары дагы күчөтүү тапшырмасын берди.

«Ошондой эле аймактардагы мал союучу жайларды жана мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барышы керек. Биз базар текчелериндеги малдардын эттери тийиштүү нормаларга жооп берерин текшеребиз», – деп белгиледи Дайыр Кенекеев.

Ошондой эле, вице-премьер-министр кайталаган функцияларды жок кылуу үчүн бул жааттагы мамлекеттик структураларды оптимизация жана реорганизация кылыш керектигин белгиледи.

«Азыркы учурда өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарында ишмердүүлүктү оптимизациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде 516 штаттык бирдикти кыскартуу болот. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти менен Өсүмдүктөрдүн карантин департаменти бириктирүү керек болот», – деди Дайыр Кенекеев.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости