Каржылоо ички жана сырткы каражаттарды тартуу аркылуу ишке ашмакчы. Бюджетте бул маанилүү сумма болбогондуктан, каржылоо эл аралык коомдор аркылуу болот окшойт.
Республикалык бюджет мамлекеттик инвестицияларга жараша каражат бөлөт. Мындан сырткары донордук, башкача айтканда каржылык жана техникалык жактан кайтарымсыз жардам жана жеке инвестициялар болмокчу.
Долбоордо алдыга коюлган аткарылчу иштердин эффективдүүлүгү жана мониторинги тууралуу көп айтылган.
Албетте, бул каражатты эффективдүү чыгымдоодон гана көз каранды эмес. Баса, бул сөз бир аз таң калуу жаратты. Каражаттарды эффективдүү чыгымдоо деген эмне? Балким суроону башкача коюу керек эле? Чыгым эмес салым болуп жүрбөсүн?
Мисалы, программада мындай сүйлөм бар:“программадагы иштерди ишке ашыруудагы өсүш, баа берүү жана мониторинг, маселелердин чечилүүсү каржылоодон көз каранды”. Программаны өтө сөзгө чебер адам жазгандай сезилди дагы бул “Силер маселелерди кандай чечип жатканыңарды, силер берген акча менен баалап жана көз салып турабыз” дегендей ой калтырды.
Макул, айыл-чарба министрлиги көз салат жана баа берет. Балким каражат эффетивдүү колдонулуп, бирок анын натыйжасы жок болсочу, анда эмне болот? Жаңы программабы же каталар үстүнөн иштөөбү? Койгулачы эми, азыр бул жөн гана долбоор да, ал кабыл алынганда баары билинет.
Азырынча республикалык бюджеттен 2 млрд 100 млн сом керек экени гана белгилүү. Донорлордон 530 млн сом бөлүнөрү күтүлүүдө, бирок статистикалык маалыматка ылайык, инвесторлор айыл-чарбасына көп акча бөлө беришпейт.
Министрлик 4 млрд 400 млн сом насыя алууну пландоодо. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 1 млрд 695 млн сом бөлөт.
Жергиликтүү бюджеттер 30 млн сом бөлөт. Өздүк каражат 200 млн сомду түзөт.
1-планды ишке ашыруу үчүн министрлик өкмөттөн 2 млрд 390 млн сом талап кылмакчы, анын ичине жергиликтүү бюджеттен каралчу 30 млн сом да кирет. Калган 2 млрд 360 млн сом республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдардан алынмакчы.
2-планды ишке ашыруу үчүн 3 млрд 700 млн сом керек. Бул каражат дыйкандарга насыя берүү үчүн керек.
Программанын 3-бөлүмүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун 45 млн сомго каржылап, долбоорду ишке ашыруу каралган.
4-план болсо айыл-чарбанын экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу каралган жана ага 1 млрд 560 млн сом керек. Бул сумманын 12,8%ын төлөп берүүчү жактар табылган.
Мындан сырткары айыл-чарба өнүмүн кабыл алуу, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 400 млн сом суралмакчы.
Айыл-чарба азыктарын чыгаруучулардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн же дыйкандарды окутуу үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом бөлүнөт экен.
Жалпылап айтканда программа абдан чоң, бирок ал канчалык иш жүзүнө ашырылат жана натыйжа кандай болот?
Алар абдан аракет кыларын жана бюджетти толтурарын, ошондой эле негизги тармактарга инвесторлорду тартууну сөз берип жатышат.
Учурда рынок тенденциясына карай турган болсок Кыргызстандагы алдыңкы тармакка бир дагы бөлүм талапкер боло албайт.