Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев кайсы өнүмдөр Кытайга экспорттолору тууралуу билдирди.
Айтымында, учурда 2016-жылга салыштырмалуу айыл-чарба өнүмдөрүн экспорттоо өсүп, 129 %ды түзгөн. Экспорттук көрсөткүч мал чарбачылыгында жана кайра иштетүү тармагында сыртка чыгарылган азыктардын көлөмү жогорулаганынан улам өскөн.
“Учурда Кытайга алча жана коон ташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Эт жана фасоль экспорттоо боюнча сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деди Эркинбек Чодуев.
Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров сүт азыктарын экспорттоо 2 эсеге жогорулаганын билдирди.
Айтымында, жыл башынан бери соода айлануу 1,3 миллиард долларды түзүп, 19,2 %га көбөйгөн.
“Экспорттун көлөмү 28,5 %га жогорулаган. Биз кийим жана кездеме экспорттодук. Өсүү 40 пайызды түздү. Сүт азыктарын экспорттоо 2 эсеге жогоруласа, алтынды экспорттоо 50 пайызга өскөн”,-деди Эльдар Абакиров.
Эки мекеме бир учурда өнүгүү тууралуу айтып жатканы кубандырат. Экспорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ата мекендик өндүрүүчүлөргө жакшы стимул берет жана өнүмдүн сапатын жана көлөмүн жакшыртууга жардам берет.