2017-жылдын 17-ноябрында КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигине 90 жыл толду. 1927-жылы АССРнин комитетинин чечими менен Айыл чарба министрлиги түзүлгөн. Токсон жылда айыл чарба тармагы тарыхый бай окуяларды басып өттү. Союз мезгилинде республиканын агрардык тармагы жакшы ийгиликтерге жетишкен.
Ошондой эле аталган министрлик уюштурган 90 жылдык маарекеге өкмөт мүчөлөрү, Жогорку кеңештин депутаттары жана айыл чарба тармагындагы ардагерлер чакырылган.
Жогорку кеңештин депутаты агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитенин мүчөсү Рада Түмөнбаева айыл чарба министрлиги жасап жаткан тамчылатып сугаруу ишин мактоого татыктуу, бул сууну сарптоонун жаңы технологиясы деп белгиледи.
Муну менен катар КРнын вице-премьер министри Дайыр Атакулов айыл чарба тарба тармагында эмгектенгендер азык-түлүк коопсуздугун козөмөлдөп, жалпы айыл элин иш менен камсыз кылууда жана ошондой эле өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүүдө негизги күч экенин ырастады.
“Жыл сайын өлкөнүн ИДПнын айыл чарба тармагы өсүүнү гана камсыз кылууда. Акыркы жылдары айыл чарбасын каржылоо долбоору натыйжалуу иштеп жатат. Учурда мамлекет тарабынан берилип жаткан жеңилдетилген насыялар, ветеринардык секторго бөлүнүп жаткан каражаттар, малды идентификациялоо жана асыл тукум чарбаларын колдоо. Лизинге берилген айыл чарба техникалары жана товардык насыя катары берген үрөндөр алардын чарбалык көрсөткүчтөрүн көтөрүүгө жана айыл калкынын турмуш-тиричилигин жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө. Атап айтсак, бюджеттик кыйынчылыктарга карабастан 2011-жылдан бери айыл чарбасын колдоо долбоору аркылуу 78 миңден ашык товар өндүрүүчүлөргө 24 млрд сомдон ашык жеңилдетилген кредит берилди. Өткөн жылы 4, 8 млрд сом берилген болсо, быйыл 10 айдын ичинде 6 млрд сом берилип, ушул жылдын аягына чейин 7 млрд сомго жеткирүү пландалууда”-деди Дайыр Атакулов
Аткарыла турган иштердин алкагында өкмөт 26 миң гектар сугат жерлерин пайдаланууга берүү, 39 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу жана 20 миң гектар жердин абалын жакшыртууга каражат жумшайт. Натыйжада 77 миң адам жаңы ирригациялык курулмалар менен сугат суусун ала алат. Мындан тышкары айыл чарба өнүмдөрүн экспортко чыгарууну жогорулатуу үчүн фитосанитардык, ветеринардык лабораториялар курулуп жана оңдоо иштер аякталат деп кошумчалады Атакулов.
Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн баштап, алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Министрликтин негизги максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналаарын айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.
“КРнын айыл чарба министрлиги айыл чарба өндүрүшүндө камсыз болгон алгылыктуу жетишкендиктери менен келип отурат. Алып айтсак, айыл чарба тармагынын өсүү темпи 2013-жылга салыштырмалуу 6,3%га өстү. Анын ичинде мал чарбачылыгы 6,7%, өсүмдүк өстүрүүдө 5,9% камсыз болду. Айыл чарбасынын суу тармагында көптөгөн объектилер оңдолду” –деди Мурашев
Айыл чарба тармагы кыргыз экономикасында орчунду орду бар. Анткени республикадагы калктын 65% айыл жергесинде жашайт. Ички дүң продукциянын 15% айыл чарбасы түзөт. Ал эми союз маалында бул көрсөткүч 45%га чейин жеткен. Мурдагы 350 колхоз, совхоздун ордуна, 360 кооператив жана 381 миңден ашуун дыйкан-фермердик рынок шартында айыл чарбасын жоготпой алдыга кетүүдө экенин айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев айтты. Анын айтуусунда жылына 3%дын тегерегинде өсүү бар.
Былтыр 197 млрд сомдук продукция чыгарган. Бирок өндүрүлгөн өнүмдүн 20–25% гана кайра иштетилет. Ошондуктан өнүмдү кайра иштетүү боюнча программасы иштелип чыкты.
“Быйыл 25 жыл ичинде кайра иштетүүгө биринчи ирээт 6% менен насыя берилип жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу экспорт 30% көп. Бүгүнкү күндө ЕАЭБден сырткаркы мамлекеттерге да экспорттоп жатабыз. Алсак, Кытай, Иран, Араб мамлекеттери. Мындан дагы башка альтернативдүү жолдорду издөөдөбүз. Ошондой эле экспортко багытталган ишканаларды колдоо боюнча окмөттүн токтому чыкты. Ага 3,5 млрд акча бөлүнүп жатат. Бул эл аралык стандарттарды жана техникалык реламенттерди ишке киризүүгө берилет. Эгерде ХАСП менеджменттин, ISO 22 миң стандарттарын киргизбесек, биздин экспорттогу мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелип калат” – дейт Чодуев
Кемчиликтер дагы жок эмес. Учурда министрлик органикалык айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө, үрөн маселесине жана асыл-тукум мал-чарбасына чоң басым жасоодо. Ошол эле учурда инновациялык технологияларды колдону менен тамчылатып сугаруу, күнөскана маселелерин чечкенге аракеттер жасалууда. Бүгүнкү күндө министрликтин жасап жаткан иштери колго алаарлык, бирок жетишсиз болуп жатат.
Өкмөттүн “Жаңы дорго – кырк кадам” долбоорунда кооперация маселеси белгиленген. Себеби, Кыргызстанда майда чарбачылдык көп. Кооперация түзүүнү колго алуу менен экспортту көбөйтүүгө өбөлгө түзүлөт.
Наргиза Өмүрбек кызы