Агрардык өнүгүү боюнча райондук башкармалыктар бирдиктүү компьютердик тармакка бириктирилүүдө.
Кыргызстандын ар бир району айыл-чарба боюнча маалыматтык системанын бир бөлүгү болуп калат. Бирдиктүү компьютердик тармакка агрардык өнүгүү боюнча 40 райондук башкармалыктар киргизилет.
“Ресурстук аналитикалык борбордо борбордук маалымат базасы бар болот. Маалыматтар ай сайын, квартал сайын, жарым жылда жөнөтүлүп турат. Ал айыл аймактарын, райондорду, облустарды камтыйт. Жазгы-талаа иштеринде, түшүм жыйноо убагында жана айыл-чарба тармагындагы башка иштер боюнча маалыматты тез алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Маалыматтарды колдонуучулардын негизгилерин дыйкандар, айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчүлөр, борбордук аппарат, министрликтин аймактык бөлүмдөрү түзөт ”,-деди Борбордун жетекчиси Арсен Карагулов.
Республикалык бирдиктүү маалыматтык система 4 модулдан турат: жер иштетүү, мал чарбасы, кайра иштетүү өнөр-жайы жана азык-түлүк коопсуздугу, агрардык саясат.