Өкмөттө 7-февралда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги кеңешмеси өттү. Кеңешмеде айтылгандай, мааракелик иш-чараларды өткөрүү 52 пункттан турган план менен бекитилген, бүгүнкү күндө анын 19 пункттун ишке ашыруу каралууда.
Анын алкагында, эл аралык интеллектуалдык Ысык-Көл форумун, жазуучунун чыгармачылыгына жана басып өткөн жолуна арналган эл аралык театралдык фестивалдарды жана илимий конференцияларды өткөрүү каралган.
Андан тышкары, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кыргыз, орус, англис тилиндеги маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, анын чыгармалары боюнча музейдик экспозицияларды уюштуруу, тасмаларды жаратуу жана башка иш-чаралар белгиленген.
Кеңешмеде премьер-министр Сапар Исаков бардык юбилейлик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, ал үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик ыкчам жана натыйжалуу чараларды кабыл алуусу керектиги айтылды.