• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Айткул Бурханов: Токой, көчөттөрдү көбөйтсөк, жашыл экономиканын жемишин көрөбүз

aytkul-burhanov

👁 2,598

Кыргызстан токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын Ассоциациясы 2010-жылы 13-майда уюштурулуп ишин баштаган. Анын башкы директору Айткул Мустафаевич Бурханов кесиби токойчу. Ленинград токой академиясын аяктаган.

Лейлек токой чарбасында көп жылдары токой чарбанын директору болуп иштеп келип, мамлекеттик токой кызматы уюштурулганда 2001-жылы мамтокой кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, 2005-жылы төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылы КР Жаратылышты коргоонун эмгек сиӊирген ишмери наамын алган. Учурда Ассоциация эл аралык көп маанилүү иштерди аркалап келе жатат. Жакында бул Ассоциация жогорку деңгээлдеги эл аралык форум өткөрүштү.

Токой башкаруу системасын сертификациялоо башталды

25-сентябрдан баштап токойду башкаруу системасын сертификациялоо иштери колго алынды. Сертификациялоо иштерин ишке ашыра турган болсок жашыл экономиканы өнүктүрүүдө чоң салым кошкон болобуз. Адамзат миӊдеген жылдык жашоо чегинде акыры жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун маселелерин кечиктирилгис чечүү керектигин аӊдап түшүнө баштады. Жаӊы стратегиянын өзөгү – цивилизациянын өнүгүүсүнүн сандан сапатка өтүүсү болуп саналат. Мындан албетте зарылчылык катары жаратылышка, жашоо-тиричилигибизди камсыздоочу ресурстарга, анын ичинде токойго болгон мамилени кескин түрдө өзгөртүү каралууда. Келечекте токой комплексинин ишин ишенимдүү жакшыртууну камсыздоо үчүн ресурстук потенциалды колдоо боюнча активдүү аракеттер керек. Андыктан токой чарбаларын тартипке салуу абзел. Токойду өстүрүү ондогон жылдарды талап кылгандыктан, токойго жардам берүүнү аны интенсивдүү кыюуга чейин алдын ала ойлонуу керек. Глобалдуу социалдык-экономикалык жана экологиялык маселелерди чечүү механизминин бир жолу- өндүрүштүн бардык тармагын жана бөлүктөрүн сертификациялоо, бул учурда токой комплексинин бардык бөлүктөрүн сертификациялоо.

Бурханов Айткул, Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоцияциясынын башкы директору:

Экологиядагы орчундуу көйгөйлөр көтөрүлдү

–Жыл өткөн сайын экология көйгөйлөрү күч алып барат. Жакында Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык жер Коалициясынын Кыргызстандагы Аймактык ассамблеясы менен жогорку деңгээлде эл аралык форум өткөрдүңүздөр. Форумдун жыйынтыгы кандай болду?

–Бул форумга 15 өлкөдөн, айрыкча Азия өлкөлөрүнөн келип катышып кетишти. Форумдун бүгүнкү максаты жер ресурстарын башкаруу үчүн калкты мобилизациялоо. Жерди иштетүүдө иштеген адамдарды коргоо, аларга көмөк көрсөтүү ошондой эле азия аймагында болуп жаткандан кийин тажрыйба алмашуу, тажрыйба бөлүшүү эле .

Экологиягадагы орчундуу көйгөлөр боюнча да көп кеп козголду. Жер деградациясы. Климат өзгөрүп жатканына байланыштуу жер, токой , суу ресурстарын сактап калуу боюнча маселе козголду. Форумдун кийинки бөлүгүндө делегаттар Ыссык-көл облусу боюнча талаа туруна аттанышып, жайыттарды туруктуу башкаруу жана жана багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча фермердик алдыңкы тажрыйба жерлерине барышты. Ошондой эле күнгөй Ала-тоосундагы тоо токойлорду көрүп, токойлорду туруктуу пайдалануу практикасы менен таанышышты. Чет элдик делегаттарды биздин бейиштей жерибиз абдан суктандырды. Биз үчүн да алар үчүн да абдан пайдалуу, жемиштүү форум болду. Чыныда эле биз аз токойлуу мамлекетке киребиз. Климат өзгөрүп жылдан жылга токойлор жабыркоого учурап жатат. Элдин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча дагы, киреше булактары табыла турган дагы маселелер козголду.

–Киреше булактары демекчи жашыл экономика боюнча кандай пикириңиз бар?

–Биздин азыркы шартта эгерде токойду, көчөттөрдү көбөйтө турган болсок жашыл экономиканын жемишин көрө баштайбыз.

Токойду, айлана-чөйрөнү жакшырта турган иш-чараларды, кошумча иш орундарды өнүктүрө турган болсок ошондо жашыл экономиканы өнүктүргөн болуп эсептелебиз. Токойду башкаруу системасын сертификациялоо иштерин баштап жатабыз. Сертификациялоо иштерин ишке ашыра турган болсок жашыл экономиканы өнүктүрүүдө чоң салым кошкон болобуз.

–Учурда токойлорду сактап калуу, өстүрүү, көбөйтүү жагына багытталган иштер жүргүзүлүүдөбү?

– Биздин ассоциация токой чарбасын коргоого багытталган көп эле иш-чараларды жасады. Бирок, мамлекеттин карамагында болбогондон кийин, бир топ нерселер аткарылбай кала берет экен. Ошого карабастан, ФАО уюмунун колдоосу алдында мамлекеттик агенттиктер менен биргеликте, «2025-жылга чейин жаңгак-мөмө токойлорунун өндүрүмдүүлүгүн күчөтүү жөнүндө» мамлекеттик программаны иштеп чыккан элек.

Форумга келген делегаттар Кыргызстанга кантип суктанды?

Кыргызстан токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын Ассоциациясы чыгарып келе жаткан “Асыл жер” гезитинин редактору Жийде Асанбек кызы форумга келген делегаттардын кыргызстанга болгон сапарын төмөндөгүдөй айтып берди.

Жакында эле 12-сентябрда Дамас мейманканасында эл аралык деӊгээлдеги чоӊ форум өтүлүп, ага Италия, Индия, Пакистан, Монголия, Эфиопия, Индонезия, Бангладеш, Камбоджи, Филиппин, Непал жана жанашга жашаган боордош республикалардын өкүлдөрү катышышып, жер, суу, жайыт жана токой ресурстары тууралуу маселе карашты. Форумдан кийин меймандар Ысык-Көлгө сапар алышты. Чолпон-Ата шаарындагы «Три корона» пансионатында ILC Азия жер коалициясынын ассамблеясы уланды. Менин айтайын дегеним – келген меймандарга биздин эли-жерибиздин тийгизген таасири.

Үч күндүк жыйын учурунда керемет көлүбүздүн көркүнө суктанып бүтүшкөн жок.

Акыркы күнү Кырчын жайлоосунда эки топко бөлүнүп жөнөдүк. Биринчи топ Темир айылындагы жайыт комитетинин иши менен таанышышты. Электрондук жайыт комитетинин иши бардыгын кызыктырып, бул практиканы жайылтууга кам урушту. Экинчи топ Ысык-Көл токой чарбасы, анын бакчасы менен көчөтканасында болушуп, көлдүн алмаларына суктангандарын жашырышкан жок. Жол боюнда баратып,жаӊы салынган ипподромду да көрүп чыгышты. Сапарыбыз Кырчын жайлоосуна уланды. Апакай он эки канат эки боз үй тигилип, меймандар кайталангыс табияттын курчоосуна туш болушту.

Кеч жакындап калганда кайтаарга кам урулуп, аӊгыча биздин балдар меймандарга жанаша жерде агып жаткан тоо суусун көргөзүп калышты. Туптунук тоо дайрасын көргөндө көпчүлүктүн оозу ачылды. Кочуштап суудан ичишип, анын тунуктугуна баа берип жатышты. Арасынан бирөө сууну кочушуна алып: –Ушул сууну алып кете алсам кана!-деп арман кылды.

Меймандостугу табиятына жарашкан кыргыз болуп жаралып калганыма дагы миӊ жолу тообо кылдым! Жөн эле арман кылып керек эмес, бизде баары бар. Сууга жетпей, жерге жетпей, дискриминацияга кабылган дыйкандар туурасында кеп кылышкан меймандардын абалында биз ушул татынакай жерибизде туруп, кээде жалкоолук кылып догурунат экенбиз. Дүйнө эли келечекти ойлоп, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алып, жашыл экономикага өтөлү деп жатканда биз нукура табигый ресурстарыбызды туура пайдаланып, кайталангыс табиятыбызды коргой билсек экен!

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости