Лейлек токой чарбасында көп жылдары токой чарбанын директору болуп иштеп келип, мамлекеттик токой кызматы уюштурулганда 2001-жылы мамтокой кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, 2005-жылы төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылы КР Жаратылышты коргоонун эмгек сиӊирген ишмери наамын алган. Учурда Ассоциация эл аралык көп маанилүү иштерди аркалап келе жатат. Жакында бул Ассоциация жогорку деңгээлдеги эл аралык форум өткөрүштү.
Токой башкаруу системасын сертификациялоо башталды
Бурханов Айткул, Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоцияциясынын башкы директору:
Экологиядагы орчундуу көйгөйлөр көтөрүлдү
–Жыл өткөн сайын экология көйгөйлөрү күч алып барат. Жакында Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык жер Коалициясынын Кыргызстандагы Аймактык ассамблеясы менен жогорку деңгээлде эл аралык форум өткөрдүңүздөр. Форумдун жыйынтыгы кандай болду?
–Бул форумга 15 өлкөдөн, айрыкча Азия өлкөлөрүнөн келип катышып кетишти. Форумдун бүгүнкү максаты жер ресурстарын башкаруу үчүн калкты мобилизациялоо. Жерди иштетүүдө иштеген адамдарды коргоо, аларга көмөк көрсөтүү ошондой эле азия аймагында болуп жаткандан кийин тажрыйба алмашуу, тажрыйба бөлүшүү эле .
–Киреше булактары демекчи жашыл экономика боюнча кандай пикириңиз бар?
–Биздин азыркы шартта эгерде токойду, көчөттөрдү көбөйтө турган болсок жашыл экономиканын жемишин көрө баштайбыз.
Токойду, айлана-чөйрөнү жакшырта турган иш-чараларды, кошумча иш орундарды өнүктүрө турган болсок ошондо жашыл экономиканы өнүктүргөн болуп эсептелебиз. Токойду башкаруу системасын сертификациялоо иштерин баштап жатабыз. Сертификациялоо иштерин ишке ашыра турган болсок жашыл экономиканы өнүктүрүүдө чоң салым кошкон болобуз.
–Учурда токойлорду сактап калуу, өстүрүү, көбөйтүү жагына багытталган иштер жүргүзүлүүдөбү?
– Биздин ассоциация токой чарбасын коргоого багытталган көп эле иш-чараларды жасады. Бирок, мамлекеттин карамагында болбогондон кийин, бир топ нерселер аткарылбай кала берет экен. Ошого карабастан, ФАО уюмунун колдоосу алдында мамлекеттик агенттиктер менен биргеликте, «2025-жылга чейин жаңгак-мөмө токойлорунун өндүрүмдүүлүгүн күчөтүү жөнүндө» мамлекеттик программаны иштеп чыккан элек.
Форумга келген делегаттар Кыргызстанга кантип суктанды?
Кыргызстан токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын Ассоциациясы чыгарып келе жаткан “Асыл жер” гезитинин редактору Жийде Асанбек кызы форумга келген делегаттардын кыргызстанга болгон сапарын төмөндөгүдөй айтып берди.
Үч күндүк жыйын учурунда керемет көлүбүздүн көркүнө суктанып бүтүшкөн жок.
Акыркы күнү Кырчын жайлоосунда эки топко бөлүнүп жөнөдүк. Биринчи топ Темир айылындагы жайыт комитетинин иши менен таанышышты. Электрондук жайыт комитетинин иши бардыгын кызыктырып, бул практиканы жайылтууга кам урушту. Экинчи топ Ысык-Көл токой чарбасы, анын бакчасы менен көчөтканасында болушуп, көлдүн алмаларына суктангандарын жашырышкан жок. Жол боюнда баратып,жаӊы салынган ипподромду да көрүп чыгышты. Сапарыбыз Кырчын жайлоосуна уланды. Апакай он эки канат эки боз үй тигилип, меймандар кайталангыс табияттын курчоосуна туш болушту.
Меймандостугу табиятына жарашкан кыргыз болуп жаралып калганыма дагы миӊ жолу тообо кылдым! Жөн эле арман кылып керек эмес, бизде баары бар. Сууга жетпей, жерге жетпей, дискриминацияга кабылган дыйкандар туурасында кеп кылышкан меймандардын абалында биз ушул татынакай жерибизде туруп, кээде жалкоолук кылып догурунат экенбиз. Дүйнө эли келечекти ойлоп, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алып, жашыл экономикага өтөлү деп жатканда биз нукура табигый ресурстарыбызды туура пайдаланып, кайталангыс табиятыбызды коргой билсек экен!
Жамиля НУРМАНБЕТОВА