Жер-жерлердеги элдин оозеки сунушу менен “Аймактык аксакалдар мунаса кеңеши” ачылды. Кыргызстандын баардык аймагынан аталган кеңештин өкүлдөрүн чогултуп алгандан кийин иш толугу менен башталат. Кеңешке аксакалдар өзүнүн кесиби боюнча мамлекетке кызмат кылып, акырындык менен чоң орундарга көтөрүлүп, баардык тепкичтерди басып өткөндөр кирүүдө.
Кеңештин ачылып жатканынын себеби тийиштүү мамлекеттик уюмдар өзүнүн милдеттин так, толук аткаралбай калган учурда элде нааразычылыктар пайда болот. Ошол учурларда “Аймактык аксакалдар мунаса кеңешинин” мүчөлөрү элге жол көрсөтүп, сунуш берет. Бул биринчи кезекте эл менен мамлекеттик уюмдардын ортосундагы келишпеспестиктерди жоет. Экичиден, кеңеш коррупциялык схемаларды ачып берүүгө жардам берет. Кайсы тармак болсо дагы өз милдеттерин аткарууга чоң салым кошот.
Кошумчалай кетсек, аталган кеңешмеге кирүүнү каалагандар үчүн эшик ачык.
Мындан тышкары “Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун бир топ бутагы бар. Алар:
-
- Соода-экономикалык тармак
- Тигүү-өндүрүштүк тармак
- Кол өнөрчүлөр тармак
- Сүт-эт азыктарын кайра иштетүү өндүрүштүк тармак
- Алмашуу кошмо Банкы
- Коомдук тамактануу тармак.