Швейцария өкмөтү Ош жана Нарын облустарынын 23 муниципалитетиндеги жергиликтүү маселелерди чечүүгө 38 миллион сом грант бөлөт. Бүгүн Бишкекте гранттык макулдашууларга кол коюу иш-чарасы өтөт.
Ага Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин, Президенттик аппараттын жана өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышат.
Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиевдин айтымында, бул конкурс Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Ош жана Нарын облустарынын бардык муниципалитеттери арасында жарыяланган.
Бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 млн сомду түзөт. Конкурска түшкөн бардык өтүнмөлөр реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.