Кыргызстанда үстүбүздөгү жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Буга байланыштуу аткарыла турган иш-чаралардын багыты аныкталып, эми аларды жүзөгө ашыруу кадамы башталууда.
Аймак деген сөздү укканда, эң оболу таза суу көйгөйү, инфраструктуранын жоктугу, мектеп-оорукананын жетишсиздиги, жолдордун начардыгы көз алдыбызга келет. Кыргызстанда жалпы эки миңге чукул айыл болсо, булардын көпчүлүгүндө жогорудагы көйгөйдүн кеминде бири бар. Президенттин жарлыгы менен жарыяланган аймактарды өнүктүрүү жылында бир топ көйгөйлөр чечилип каларынан үмүт эткендер арбын. Албетте, аймактарды өнүктүрүү үчүн эң биринчи акча каражаты керек.
Аймактардагы көйгөйлөрдүн баары окшош
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы абал ага жат эмес экенин билдирип, өлкөнүн премьер-министри болуп иштеп турган кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи.
«Бул Жарлыктын максаты ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Мен аймактарды көп кыдыргам, областтын жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, — деди президент Жээнбеков.
Жээнбеков: каражатты бөлүштүрүүдө кол ийрисине тартпашы керек
Мамлекет башчысы бюджеттик жана инвестициялык каражаттар бир калыпта, ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керектигин айтты.
“Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары белгилүү бир план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат”, — деген мамлекет башчысы бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюуга чакырды.
Жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги күчөдү
Өлкө башчысы ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча атайын буйрукка кол койду.
Буйрукка ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топ 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен ведомстволук аймактарды башкаруу маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.
Жумушчу топтун курамына президенттик аппараттын жетекчиси, кызматкерлери, жогорку кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин жетекчилери кирген.
“Акылдуу шаар” аймактарга да жайылтылат
Жарлыктын аткарылышы, көзөмөлдөнүшү өңдүү милдеттердин баары аткаруу бийлигинин мойнунда. Ал ортодо өкмөт башчы Сапар Исаков аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз кеңешмелердин алкагында бардык облустар боюнча иш-чаралардын планы бекитилгендигин эскертти.
Премьер-министр аталган пландардагы каралган иш-чаралардан тышкары кошумча чараларды кабыл алуу жана жарлыкты сапаттуу ишке ашыруу, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Исаков маалымдагандай, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, ал тыкыр иш-аракеттер планын иштеп чыгат.
Анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу жыйынтыкталган соң, ал өлкө аймактарында да ишке ашырылмакчы.
Айылдарга лифт жетип…
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маалымдагандай, аймактардын социалдык инфраструктуралык жана санитардык абалын жакшыртуу үчүн өкмөттүн буйрук долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, республиканын шаарларынын жана калктуу пункттарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоодон өткөрүү боюнча бир катар иш-чаралар каралууда. Тактап айтканда, көчөлөрдү жана короо-жайларды тазалоо, турак-жай жана административдик имараттардын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу, жол жээктерин тартипке келтирүү, көрктөндүрүү, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү, калктуу пункттарды массалык жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү, муниципалдык жолдорду, социалдык тармак обьектилерин жана айылдык инфраструктураны оңдоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү пландаштырылууда. Мындан сырткары өкмөттүн планында бардык айылдык медициналык мекемелерде биринчи кезекте лифттерди орнотуу жана дааратканаларды куруу мүмкүнчүлүгү каралган.
Иштин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, ошондой эле облус жетекчилери арасындагы атаандаштыкты түзүү максатында, өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аймактардын рейтинги түзүлөт. Натыйжада, уюштуруучулук жыйынтыктары чыгарылмакчы.
Айылдардагы таза суу таңкыстыгы жоюлат
Айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында “Ала-Тоо булагы” долбоору иштей баштады. Долбоор айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) уюму менен бирге ишке ашырылып, каржылык колдоо Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан болмокчу.
Таза суу менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев билдиргендей, долбоордун биринчи этабы үчүн 71,2 млн. доллар бөлүндү. Бул каражатка Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы таза суу жетпеген айылдарга суу чыгарылат.
Өкмөттүн чет өлкөлүк донорлор менен иштей баштаган долбоору адегенде 117 айылды камтыйт. Эгерде бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылса, каржылык көмөк берчү тарап долбоорду андан ары улантууга даяр.
Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда 1813 айыл болсо, анын ичинен 631 айыл сууга өтө муктаж деп эсептелет.
Буга чейин өлкөдө “Таза суу” деп аталган долбоор иштеген. Аны ишке ашырууга 2001–2014-жылдары эл аралык донорлордон 90 млн. долларга жакын каражат келген. Бирок долбоор ийгиликсиз, сапатсыз болгону айкын болгон. Кийинчерээк “Таза суунун” ордуна “Тунук суу” долбоору ишке ашырыла турган болуп, ал дагы өз максатына жеткен эмес.
Кыргызстанда 453 айыл өкмөт, 1813 айыл бар. Бир айылдан турган 31 айыл өкмөтү бар.
Назгүл Бостонбаева