• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Аймактар базалык өнүгүү чекити

haydarkan-21

👁 2,307

КРнын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Данияр Иманалиев 2018–2025-жылга карата КРнын өнөр-жайын туруктуу өнүктүрүү программасына баа берүү боюнча ЮНИДОнун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын «Жаны доорго кырк кадам» программасы, анын артыкчылыктары, «Таза Коом» долбоору тууралуу маалымат берди. Ошондой эле жашыл экономиканын(PAGE) кызыкчылыгы боюнча өнөктөштүктүн алкагында аткарылган иштер тууралуу глобалдуу максаттарды инвентаризациялоо боюнча аткарылган жумуштар боюнча маалымат берилгенин билдирди Экономика министрлиги.

Д. Иманалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын 2017–2020-жылдарга карата аймактык өнүгүү концепциясына токтолду. Анда базалык өнүгүү чекити катары 20 калктуу конуштар аныкталган.

Бул шаарларды тандоо менен өнүгүүгө көп мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошондой эле шаарларда ийгиликтүү старт үчүн тиешелүү шарттар бар – мыйзам базасы, бюджет, аймак (жерлер), мамлекеттик башкаруу, иштеп жаткан бизнес жана экономикалык жактан активдүү тургундар. Тактап айтканда, министрдин орун басары 2018–2025-жылдарга карата КРнын өнөр-жайынын туруктуу өнүктүрүү Программасынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн өнүгүү чекиттерин аныктап, алардын атаандаштыгын анализдеп, өндүрүш күчтөрүн, чийки заттардын бардыгын аныктоо зарылдыгы айтылды.

ЮНИДО тарабынан экономиканын тармактарында, структураларында болгон алдын ала жыйынтыктар айтылды. Экономиканы индустриялаштыруу жана өлкөдөгү өнөр-жайды өнүктүрүү тармагындагы маселелерин чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөр-жай тармагындагы атаандаштыкты аныктоо, экспорттук потенциалдык өнүктүрүү, экономиканын инновациялык өнүгүүсү боюнча кеңешмелерди өткөрүү тууралуу келишимге жетишти.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости