• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Аймактар аралык байланыштар өнүгүүдө

img_4193

👁 1,459

2017-жылдын 15-декабрында “Ала-Арча” мамлекттик резиденциясында алтынчы аймактар аралык кыргыз-орус конференциясы болду.

Конференция кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын россиялык бөлүгүнүн төрагасы Аркадий Дворковичтин, Орусиянын Президенттик Администрациясынын жана КРнын Президентинин Администарциясынын, бейөкмөт уюмдарынын, ишкерлик чөйрөнүн аткаруу бийлигинин, ММК өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун катышуусунда өттү.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн аймактарынын кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Конференцияны ачып жатып Аркадий Дворкович Орусиянын президент Владимир Путиндин саламдашуу сөзүн окуп берди.Аркадий Дворкович россиялык тараптын Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык дагы кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон даярдыгын белгиледи. “ЕАЭБ – бул мүмкүнчүлүктөр терезеси сыяктуу, ал үчүнчү өлкөлөрдөн инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк ачат. Сиздерди көйгөлөр боюнча суроо берүүгө чакырам, ал эми биз болсо аларды чечебиз”,-деди ал.

Ал эми Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүн Толкунбек Абдыгулов окуп берди.

Эки аткамине тең конференциянын кыргыз-орус мамилелеринин түзүлөнүнө 25 жыл болгондо өтүп жатканы жакшы белги экенин билдиришти.

“Евразиялык интеграция кыргыз-орус тышкы экономикалык байланыштын өнүгүүсүнүн негизи” деп аталган жыйын учурунда евразиялык интеграция шарттарында аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сөз болду. “Орусия чоң мамлекет жана баарын Бишкек менен Москванын деңгээлинде чечип коюу мүмкүн эмес”,-деди Аркадий Дворкович.

Ал эми Орусия тараптан 7 аймактан делегация келген. Булар: Москва, Санкт-Петербург, Ленинград, Ростов, Челябинск, Новосибирск облустары жана Башкортостан Республикасы.

КРнын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык жактан тарыхый өнөктөштөр экенин белгиледи. Бул кнференция Москва менен Бишкектин ортосундагы гана эмес башка аймактар менен болгон байланышты айгинелеп турарын билдирди. Товар айлануунун 80%ы Орусиянын башка аймактарына туура келет.

“Бизнетин практика жүзүндө кызматташып жатканы аймакты деңгээлде сезилдүүдө. Бизге товар ташуу Орусиянын жакынкы аймактарынан жүрүүдө. Челябинск, Новосибирск, Татарстан менен жакшы байланыш мыкты түзүлгөн. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар айлантууну жогорулатуу аймактык деңгээлде өнүгүүдө. ”,-деди Экономика министри Артем Новиков.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Орусиянн ортосундагы товар айлануу үстүбүздөгү жылдын 10 айында былтыркыга салыштырмалуу миллиард долларга жогору болгон. 200 млн долларга жакын товар Орусиянын рыногуна Кыргызстандан эскпорттолот. үстүбүздөгү жылдын 10 айында Орусияга сүт азыктарын экспорттоо 1,7 эсеге, жемиштерди жана жаңгактарды экспорттоо – 2,3 эсеге, кийимдерди жана трикотаж кездемелерди эскпорттоо – 2,5 эсеге, бут кийим экспорттоо – 2,4 эсеге, айнек жана андан жасалган буюмдарды эскпорттоо – 2,4 эсеге жогорулаган. Учурда 42 кыргыз ишканасын тизмеге киргизүү каралып жатат.

Жеңил өнөр-жайы менен катар эле айыл-чарба тармагынын потенциалы жогору – өнөр-жай кооперациясы. Бул тармактардын баары ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун локомотиви болушу керек. Кыргызстан органикалык өнүм чыгарууга өзгөчө көңүл бурат жана бул кызмактташтыктын маанилүүү багыты болушу керек. ЕАЭБдин түзүлүшү менен биз кыска ойлонбой келечекке кадам таштообуз керек. Кыргызстан орусиялык бизнеске көмөк көрсөтүп, биргеликте иштешүүгө даяр. Курулуш материалдарын чыгаруу, фармацевттик тармак, минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча биргелешип иштөөгө кызыкдарбыз”,-деди Новиков.

Конференциянын жүрүшүнд эки тараптуу документтерге кол коюлду. Документке КРнын Экономика министри Артем Новиков жана X5 Retail Group компаниясынын топ-менеджери, мамлекеттик органдар менен иштешүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Станислав Наумов кол коюшту.X5 Retail Group — орусиялык мультиформаттуу азык-түлүк компаниясы. Ал “Пятерочка”, «Перекресток», «Карусель» сыяктуу бир нече соода түйүндөрүнүн дүкөндөрүн башкарат. Азыр болсо Сибирде жаңы дүкөндөрдү ачуу менен алек болушууда.

Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский кыргыз айыл-чарба өнүмдөрүн орусиялык рынокко ташуу маселелерин талкуулады. Ошондой эле Кыршызстандын ӨКМсына керектүү техникаларды берүү маселеси дагы каралды.«УК Мечел-Сталь» жана «Кыргыз Темир Жолу» ишканаларынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумг кол коюлду.
Маалымат үчүн: Челябинск облусунун Кыргызстан менен болгон товар айлануусу 2016-жылы 94,1 млн долларды түзгөн (2015-жылга салыштырмалуу 110,1%), анын ичинде 77,8 млн доллар экспорт, 16,3 млн доллар импорт.Ал эми үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстан менен болгон товар айлануу 61,6 млн доллар (2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 100,5%), анын ичинде 61,3 млн доллар экспорт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Татарстан Республикасынын экономика министри А. Здунов Ысык-Көл облусунун кооздугун баса белгиледи. “Мен бул жер тууралуу мурдатан эле билчүмүн. Ысык-Көлдө болгон жөө жүрүшкө дагы катышкам. Ошондо кыргыз-казак чек арасына чейин жеткенбиз. Инфраструктура совет доорундагыдай болгону менен жерлер абдан уникалдуу, өтө кооз, сөз жетпейт”,-деди министр.

Өз кезегинде А. Новиков кесиптешине ыраазычылык билдирип, облустун инфраструктурасы өнүгүп жатканын кошумчалады. “Эл аралык “Тамчы” аэропорту иштеп баштады. Биз учак менен келген конокторду кабыл алуудабыз. Биз туисттерди кабыл алууга даярбыз”,-деди ал.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости