• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Айдоочулардын айгайы: маселени кантип чечүүгө болот?

7-str

👁 1,365

Жүк ашуучулар, экспортчулар, мамлекет – булардын ар бир өз кызыкчылыгын гана көздөп жатат. Мындай тыянакты бир нече күндөн бери созулуп келе жаткан оор жүк ташуучу айдоочулардын айланасындагы “согуштан” улам чыгарууга болот. Узак жолдо жүрүүчү унаа айдоочулар иш таштап жатышат.

Алар товарларды ташуудагы өтө төмөнкү бааны көтөрүү жана рыноктогу үчүнчү өлкөлөрдүн чет элдик айдоочулары тарабынан болгон жогорку атаандаштыкты жөнгө салууну талап кылышууда. Дал ушул көйгөйлөр айдоочуларды иш таштоого аргасыз кылып жатканын жүйө келтирүүдө.

Бул көрүнүштү серепчилер алар көбүнчө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ички рыногунда Кыргызстан менен биргелешкен ишканаларга жамынып алып иштешет деп сыпаттоодо.

Айдоочулар болсо, көп учурда башка улуттун (кытай, түрк, өзбек) жарандары деп көрсөтүлгөн чет элдиктер бааны ушундай жасашарын, натыйжада ата мекендик жүк ташуучулар үчүн жүктү жеткирүү пайдасыз болуп калууда деп айтышат.

Жакында эле Россиянын бир шаарына Чүй облусунан сабиз жүктөп барган айдоочу Аман Жумакматов жогоруда сөз болуп жаткан кырдаалды башынан кечиргенин, эгерде абал ушул калыбынан өзгөрбөсө, айдоочуларга кыйын болоорун, ал тургай башка жумушка өтүүгө аргасыз болоорун айтып берди.

“Мен Россияга көп жылдан бери жашылча-жемиш ташып оокат кылам. Бул ирет барганымда жолдо унаам бузулуп, Россияга барып келгиче 20 күндөн ашуун убакыт бекерге өтүп кетти. Жүк жеткирүү үчүн алган болор-болбос акчам жолдо бузулган унаамды оңдоого кетти. Албетте, жолдо жүргөндөн кийин тамак-аш жешиң керек, ал деле акча. Эгерде кырдаал ушул боюнча кете берсе, башка жумуш караганга аргасыз болобуз. Оор жүк ташуучу унаамды да кредитке алгам, толук төлөп бүтө элекмин. Айдоочулардын иш таштоосунан майнап чыкпай калды окшойт”,-деди Аман Жумакматов.

Дагы бир айдоочу жогорудагы кесиптешинин сөзүн улай, буларга токтолду:

“Узакка жол жүргөндөн кийин унааны сөзсүз түрдө оңдоодон өткөрүү керек болот. Орто эсеп менен алганда оңдоо ишине 800 долларга чейинки каражат сарпталат. Унаанын бир эле дөңгөлөгү эң арзан дегенде 300 доллар турат. Күйүүчү майга оңбогондой каражат кетет. Айтор, чыгым көп, киреше аз болууда. Башкача айтканда транспорттоого болгон төмөнкү баа бул тармактагы кризиске жол ачты”,-деди.

Кыргызстандын жүк ташуучу унаалар бирикмесинин башчысы Темирбек Шабданалиевдин айтымында, айдоочулар өздөрү иш таштоону “тапшырык берүүчүлөргө бойкот жарыялоо деп аташууда”.

“Айдоочулар митингге чыккан жери жок. Бирок тарификациялоо боюнча маселени чечүүнү талап кылып, жүктү алуудан баш тартып жатышат. Эми азырынча натыйжа жок. Демилгени алгач жергиликтүү жана казакстандык айдоочулар көтөргөн, кийинчерээк ага бир катар өзбек жүк ташуучулары кошулду. Мындай нерсе өкмөт ата мекендик рынокту коргоого далалат жасаганга дейре улана бермекчи”,–деди Шабданалиев.

Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматына ылайык, өткөн жылы республика боюнча транспорттук ишмердүүлүккө (анын ичинде жүк ташуучу унааалар да бар) 31 миң 775 патент берилген.

Транспорт жана жолдор министрлиги ырастагандай, жыл сайын кыргызстандыктар, ошондой эле башка өлкөнүн жарандары үчүн жалпы 70 миллион сом суммасында жүк ташуучуларга 32–33 миң уруксат берилет. Жогоруда саналган каражаттын баары республикалык бюджетке которулат.

Ал эми чет мамлекеттин жарандарына патенттер чет өлкөлөр менен болгон эки тараптуу келишимдин негизинде берилет.

Экономист Марат Мусуралиевдин пикиринде, патент алуу маселесинде юридикалык жактардын беш пайызы, ал эми физикалык жактардын 15 пайызы гана жасайт.

“Түрдүү социалдык тармактарда, Whatsapp каналдарында айдоочулар бири-бирине салык, уруксат кагаздары сыяктуу документтерди сатышат. Бул деген мен жүк ташуучулук боюнча колунан сатып алган патент боюнча бейкапар алектенсем болот деген сөз. Бул албетте чоң көйгөй”,-деди экономист Мусуралиев.

Жүк ташуучулардын кичинекей кадамы Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүнө чоң сокку уруп жатат. Транспорттук “кыйроонун” айынан өзгөчө бат бузулуучу товары барларга зыяны тийүүдө.

“Маселен, менин кардарларымдын арасында кулпунайды Россияга жөнөтүүгө аракеттенгендер бар. Бирок аны жеткирүү жок болууда. Фуралардын айдоочулары товарды ташуудан баш тартып жатышат. Ооба, иш таштоо бардык эле айдоочуларга таандык эмес, арасында үзгүлтүксүз ташып жаткандары да бар”,-деди ишкер Сергей Никитен.

Ишкер айдоочулар ушул жалпы ажиотаждын фонунда бааны көтөрүп жиберишкенин кошумчалады.

Кыргызстанда жүк ташуунун альтернативалуу жолу жок. Кыргызстанда темир жол транспорту иштей турганын эске алган менен ал жеткиликтүү өнүккөн эмес. Ошол эле учурда экспорттоочулардын талабына жооп бербейт, өтө узак убакытта жетет. Учак менен ташуу дегеле өзүн-өзүн актабайт.

Кыргызстан айдоочулар кесиптик кошуунунун өкүлү Игорь Голубев ата-мекендик товарды темир жол же аба аркылуу экспорттоо натыйжасыз деп билдирди. Анын айтымында Кыргызстан үчүн унаа жолунан башка альтернативдик ыңгайлуу жол жок.

Кыргызстан менен чектеш башка өлкөлөр Казакстан сыяктуу өнүккөн жол түзүмүнө ээ эмес. Унаада кандайдыр бир себептен улам бузулуп калса, айдоочуларга техникалык жардам берүү кыйын болот. Жүктү темир жол аркылуу жөнөтүү узак убакытты талап кылат. Мында тез бузулуучу азыктар оңою менен жетпейт. Аба аркылуу жеткирүү да мүшкүл иш. Ал өзүн актабайт”,-деди Игорь Голубев.

Назгүл БОСТОНБАЕВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости