• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Айдана Өмүрбаева: Кыргызстанда жакынкы жылдарда IT адисине таңкыстык жогорулайт

image7

👁 1,610

Бул макала орто мектепти жаңы гана аяктаган жаштар же болбосо компьютердин “тилин” жакшы билген, бирок жумуш, маянасы жупуну болгон жаштарга, дегеле мезгил агымын, дүйнө жүзүндөгү ыкчам өзгөрүп бара жаткан технологияны кылдат байкай алган, ошого жараша иш тутууга аракет жасаган замандаштарга арналат.

Учурда ар бирибиздин колубузда уюлдук телефон бар. Кеминде ар бир үчүнчү кыргызстандык компьютерде иштей алат. Демек, мына ушулардын жардамы менен өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно билип, дүйнөнүн каалгасын ачууга, IT тармагында ийгилик жаратууга болгону билим, аракет керек. 

Америкадагы алгачкы кыргыз IT айымы, бул тармакта ийгилик жаратып жаткан Айдана Өмүрбаева аттуу мекендешибиз ийгилик сырлары менен бөлүшөт. 

–Адегенде өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз? 

–Атым Айдана Өмүрбаева, 24 жаштамын. Учурда үй-бүлөм менен АКШнын Чикаго шаарында жашап эмгектенебиз, кызыбыз 1 жашка жакында толду. Ата-энем Аксы районунун Кызыл-Туу айылынан болот. Мен Бишкек шаарында №4 гимназия-мектепти аяктагам. Yй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Бир сиӊдим жана иним бар. Сиӊдим учурда АКШда билим алып жатат. Иним Бишкекте IT колледжде билим алууда.

Мен биринчи жогорку билимимди Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана финансы институтунан алгам. Ал жерде окуп жүргөндө компьютерди окуу оюма да келбептир жана өзүмдү компьютерге шыгым жок деп жүрчүмүн.

–Кандайча Американы байырлап калдыңыз?

–Мен студенттик программа аркылуу келгем. Колледжде билим алып жүргөндө жолдошум (ал кездеги жигитим) Бакыт Абдишов өзү иштеген компанияда «IT айымдары» («Women in Tech») деген уюмдун “Айымдарга CODE үйрөтүү” долбоорунун форумдарына чакырып турчу. Aнан мен «Women in Tech» уюмуна мүчө болуп жазылып, IT чөйрөсүндөгү ийгиликтүү айымдар менен таанышып, алардан таасир алып, кызыгуум артып, акыры IT багытында билим алып, IT чөйрөсүнө аралашып кеттим.

–Учурда кайсыл жерде эмгектенесиз?

–Азыркы кезде «Relativity e-Discovery Software» (relativity.com) компаниясында «DevOps Engineer» болуп иштейм жана DevOps бөлүмүндө айымдардан жалгыз эле менмин. IT бат ылдамдык менен өнүгүп жатканына байланыштуу, мен IT-конференцияларга катышып, жаңы программаларды үйрөнүп, билимимди жаңылап турам. Бош убактымда «Women in Tech» форумдарына ыктыярчы катары барып кыз-келиндер менен жолугуп, аларды CODE үйрөнүүгө үндөп келем жана менторлук кылам. Айта кетсем жакында Бишкектеги Эл Аралык Tech Women уюмуна онлайн менторлук кылууга чакырышты.

–Сиз буга чейин кыз-келиндерди IT адистиги боюнча билим алууга чакырдыңыз эле. Айтсаңыз, бул кесиптин учурдагы маанилүүлүгү, зарылдыгы канчалык деңгээлде?

–Азыркы өнүккөн өлкөлөрдө IT адисине болуп жаткан таңкыстык жакынкы жылдарда Кыргызстанда болот деп ойлойм. Азыр IT багытын тандап окуган улан кыздарыбыз Кыргызстандын IT жумуш орундарын толуктап, өлкөбүздө ITнин өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем.

АКШнын акыркы маалыматына караганда, университеттерди бүтүргөн IT адистеринин санынан IT тармагындагы жумуштун тиешелүү өлчөмү үч эсе көптүк кылат. 2020-жылга чукул АКШ бир миллион IT адисине (Software Engineer) муктаж болот жана башка өлкөлөрдөн IT адистерин чакырууну уланта берет.

Мен Чикаго шаарындагы алгачкы кыргыз IT айымдарынын (IT Woman) бири катары быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүн, билими, диплому, жумушу бар, бирок айлыгы аз жана чет элде оор жумуштарда эмгектенип жаткан журтташтарды же жөн гана окууну эңсеген мекендештерди, өзгөчө кыз-келиндерди CODE үйрөнүп, заманбап кесиптин ээси болууга чакырам.

–Адатта кыргызда техникада, анын ичинде компьютерде иштеген програмисттер мырзаларга таандык деген стреотип жашап келген эмеспи. IT адистиги кандай артыкчылыктары менен кыз-келиндерге ыңгайлуу?

–Азыр дүйнө жүзүндө IT адистерге болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жатат жана айлыгы да жакшы. Өзгөчө үй-бүлө менен карьераны айкалыштырып чогуу алып кетүүнү каалаган кыз-келиндер үчүн IT жумушу абдан ыңгайлуу. Азыр көп компаниялар атайын долбоорлордун негизинде кыз-келиндерди жумушка алууда көп женилдиктерди берүүдө.

Мисалы, мен кош бойлуу кезимде менеджерим «түштө «Апалар бөлмөсүндө» уктасаң болот, кыйналсаң үйүңдөн иште» деп көп жеңилдиктерди берген. Кийин кызымды төрөгөндө компания мага толук төлөнгөн үч ай декреттик эс алууга чыгарды, андан сырткары менеджерим эки ай үйдөн иштегенге уруксат берди. Азыркы учурда жумасына 2–3 күн үйдөн иштейм. IT жумушу башка офис жумуштарынан иш убактысынын ыңгайлуулугу менен айырмаланат, өзүңүзгө берилген долбоорду үйдө отуруп жасап жана интернет аркылуу чогулуштарга катышып турууга болот.

Ошондуктан «Бул жумуш мен үчүн эмес», «бул балдардын жумушу», «менин компьютерге шыгым жок» же «мен ITге окусам эл эмне дейт» деген стереотиптердин туткуну болбоңуз, IT дүйнөсүнө ыкчам кошулуңуз. Себеби IT жумушу жашыңызга, жынысыңызга же өңүңүзгө карабайт.

–Бул кесипти үйрөнөм деген кыз-келиндерге кандай кеңеш берет элеңиз?

–Кыргызстанда таланттуу, эмгекчил жана шыктуу кыздар көп экенин билем. Ошондуктан жөндөмүңүздү заманбап технологиянын жардамы менен дүйнөгө көрсөтүңүз. Эгер сиз «Instagram», «Facebook», «What’s app» ж.б. колдоно алсаңыз, анда сиз CODE жазганды да үйрөнө аласыз деп толук ишенем. Балким сиз бат эле CODE үйрөнүп, кыргыз «Instagram», «Facebook» же дагы бир жашоону оңой жолго салган колдонмо ойлоп чыгарсыз.

Мисалы, Калифорния штатынын Силикон өрөөнү аттуу IT мекенинде болуп турчу форумдарда чет өлкөлөрдөн келген таланттуу айымдар өз идеялары менен ойго келбеген, түшкө кирбеген долбоорлорду иштеп чыгып, атактуу компаниялардын кызыгуусун арттырып, анын натыйжасында ишкерликтин жаңы багыттары башталып келет. Ошолордун арасында Кыргызстандан да кыз-келиндер болсо деп тилек кылам.

–Интернетсиз жашоону элестете аласызбы?

–Учурдагы маалымат заманында интернети жок жашоону элестетүү кыйын. Себеби азыркы заманбап жумуштардын баары интернет аркылуу ишке ашат. Дүйнөлүк желе жашоо шартка, убакытка жараша жумуштарды ыңгайлатып, жеңилдетип берүүдө. Бирок, азыркы жаштарды интернетти максаттуу, пайдалуу иш үчүн колдонууга чакырат элем. Убактымдын аздыгына байланыштуу мен көптөгөн курстарымды, тренингдеримди интернет аркылуу бүтүрөм.

–Америкадагы жашоо образы менен Кыргызстандын жашоо образын салыштырып кандай өзгөчөлүк, окшоштуктарды байкадыңыз?

–Мага Американын эң жаккан жери – бул мыйзамдын так иштегендиги. Мыйзам баарына бирдей иштейт жана элдер мыйзамга баш ийет, ишенет. Мамлекет болсо ар бир жарандын укугун коргой алат. Ошондой эле бул жакта билим берүү системасы, билимдин сапаты абдан жакшы.

–Келечек максаттарыңыз тууралуу бөлүшө кетсеңиз?

–Албетте кыргыз болгондуктан келечекте Кыргызстанга барып, жаш муундарга IT жаатындагы өзүбүздүн тажрыйбалар менен бөлүшүп, өлкөбүздүн келечегине, өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошобуз деген тилегибиз бар. Мен жаштарды мектептен баштап жакшы окуп, сапаттуу билим алууга чакырар элем. Билимдүү адам кайсы мамлекетте болбосун чоң ийгиликтерди багындыра алат деп ишенем.
IT окуу, жумуш боюнча сурагысы келген мекендештерим үчүн баарлашууга, суроолорго жооп берүүгө инстаграмдагы @kg_usa баракчам ар дайым ачык. Ал жакта IT кесип жөнүндө макалалар, посттор менен бөлүшүп турам.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости