«АвтоВАЗ» 2018-жылдан тарта унаага болгон бааны 2,5%га жогорулатты. Бул тууралуу РИА Новостиге компаниянын басма сөз кызматы билдирген. Компания баанын жогорулоосунан суроо-талап азайып калбайт деп санайт, себеби унаа чыгаруучулардын баары жыл жаңырган сайын бааны жогорулатып турат.
Сентябрда «АвтоВАЗ» Ижевсктеги заводунда Lada Vesta унаасынын эки түрүн чыгарып баштаган: Lada Vesta SW жана Lada Vesta SW Cross. Ошол учурда Lada Vesta SW (station wagon — универсал) унаасынын баасы 639,9 миң рубль болсо, Lada Vesta SW Cross унаасынын баасы 847,9 миң рубль болгон.
«АвтоВАЗ» — Орусиядагы унаа чыгаруучу ири завод. «Ростеха» жана Renault-Nissan биргелешкен ишканага компаниянын капиталынын 74,51%ы таандык. Renault-Nissan ишканасынын үлүшү — 67,13%, «Ростеханыкы» — 32,8%.