Эмнеге? Анткени учурда 660 чакырым болгон түндүк менен түштүктү байланыштырып турган жалгыз жол ушу. Жол абдан кооз – ал башталганда эле Кара-Балта суусун бойлоп отуруп, 3200 метр бийиктиктеги Төө-Ашуу ашуусуна жетет, ал эми бул тоодогу тоннелде бир топ кызматкерлер иштешет. 2002-жылы аба айланбай калып, ызы-чуу чыкканы баарыбыздын эсибизде эмеспи, бирок учурда баары жакшы.
Тянь-Шань аркылуу Бишкектен Ошко кеткен деңиз деңгээлинен 2750 метр бийиктикте жайгашкан жол дүйнөдөгү эң кооз жолдордун бирине кирсе керек. Анын үстүнө бул жол туристтер үчүн жеткиликтүү. Алар жолду басып өтүүгө 2 күн сарпташат, себеби жолдон көп токтошуп, сүрөткө түшүшөт. Бирок саякатчыларга унаа тандоону сунуштап келишет.
Бишкек-Ош жолу стратегиялык болуп саналат, бирок буга карабастан акыркы жолу 2000-жылы донорлордун каражаттарына оңдолгон. Ошол маалда 400 млн доллар кеткен эле. Бирок бул сумма бир топ күмөн ойлорду жаратканы менен 17 жыл өткөндөн кийин бул жолдун абалы мышык ыйлагыдай. Айдоочулар аңдан качам дешип авариялык абал жаратып келишет. Акыркы убакта айдоочулар жолдун абалынын начарлыгына арызданып жатышканын ЖКнын депутаттары да айтышып, жолду кыска мөөнөттө оңдоону талап кылып келишет.
КРнын транспорт министрлиги журналисттерди жолдогу оңдоо иштери менен тааныштыруу үчүн аларды оңдолуп жаткан жерлерге алып барышты.
Бул таң калычтуу деле эмес. Себеби жамгыр жана кар бул жерде жайыма жаап турат, ал эми Кышында болсо Суусамырдагы абанын температурасы–50 градуска жетет! Ошентип асфальт жарылып, аны кайра жамгыр жууп кетет. Журналисттер буга күбө болушту, 1 күндү тур учурунда эле жылдын 4 мезгилине күбө болдук! Алыска жүк ташуучулардын баары эле бул жолдон канча жолу аварияга күбө болгондорун айтып беришет. Бирок буга карабастан оңдоо иштери миллиондогон аңдарды жамоо менен чектелип жатыптыр.
Аңдарды жамоо – бул албетте, убактылуу чара, бул демек жолду бүтүндөй оңдоо зарыл дегенди билдирет. Бирок аткаминерлердин шылтоосу даяр “акча жок”! Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимованын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында жолду бир чакырымын куруу баасы көптөгөн шарттарга карата чечилет: аймактын рельефи, жер кыртышынын абалы, тилкелердин саны, көпүрөнүн жана тоннелдерди бар же жоктугу, асфальттын сапаты ж.б. Бирок жолдун узундугу бааны өзгөртпөйт.
№9-ДЭУнун башкы инженери Шайлообек Исмаилов журналисттерди ашуудагы жолдун жасалышы менен тааныштырып чыкты. Алар түштүк дагы түндүк тарабынан дагы жүрүп жатыптыр. Адистин айтымында, жаан жааган учурда асфаль төшөгөнгө болбойт жана жумуш токтоп калат, жер жылып күн чыкканда гана иш башталат. Журналисттер асфальт төшөлгөсү кантип кесилип алынып, кайра жаңы асфальт кантип куюларына өз көздөрү менен күбө болушту. Баса, 10-июлда Төө-Ашуудагы аңдарды жамоо иштери аякташы керек болчу.
Мындан сырткары 12 чакырым жерге асфальт төшөлөрүн Шайлообек Исмаилов билдирди. Азырынча бир чакырым жолго гана асфальт төшөлгөн. Жолду жабышкан эмес, аңдарды жамап жаткан учурда жолду бир тарабын жабышат, себеби жол ичке.
Жашоо уланууда!
Ирина Байрамукова