• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Атикер авто унааларга сапатуу газ орнотот

kubanyich

👁 3,154

Ар бир кесипте профессионалдуулук керек. Атикер ишканасы авто унааларга газ койгон көп компаниялардан сапаттуу иштери , кардардын ар убак ыраазычылыктары менен коштолуп келет.

Бул ишкана жетекчиси Кубанычбек Иникеев аталган ишкана тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

–Кубанычбек мырза алгач өзүң тууралуу кенениреек тааныштыра кетсең?

Мен Чүй облусуна караштуу Жайыл районун, Орто-Суу айылынын кулуну болом. Азыр курагым отуз жашта. Ошол жактын орто мектебин бүтүрүп, шаарга 2000-жылы келип, Кыргыз экономикалык университетинин туризм бөлүмүн бүтүрүп, андан соң юридикалык академияны аяктап ар кыл жумуштарда эмгек жолум уланып келди. Азыр алек болуп жаткан ишибиз автоунааларга газ балон жабдууларын орнотуу боюнча Түркиядагы Атикер компаниясынын кыргызстандагы официалдуу ыйгарымдуу өкүлчүлүгү катары иш алып барабыз.

–Силердин компания качантан бери кыргызстанда иш алып бара баштады?

–Атикер 2015-жылдын жай айларынан бери иштеп келе жатат. Ошол жай айынын август айларында ишке киришкенбиз. Ошол кундөн ушул күнгө чейин аябай ийгиликтүү газ балон жабдууларын орнотуу боюнча Кыргызстанга таанымал компаниялардын бири болуп иштеп келе жатабыз. Негизи Атикер компаниясы 1970-жылдардан баштап Мехмет Али Атикер деген адам тарабынан түзүлгөн. Азыр Түркиядагы Кония шаарында чоң бир заводу бар. Ошол заводдон 55–60ка жакын мамлекетке продукцияларын таратып иштеп келе жатышат.

–Шаарыбызда автоунааларга газ койгон ишканалар кандай санда?

–Биздин Кыргызстанда жалпы өлкө боюнча кыркка жакын газ койуучу компаниялар бар. Бишкекте 25тей газ койуучулар болсо, Ош, Токмок, Кара-Балта ж.б өлкөбүздун шаарларында газ балон орнотуу боюнча иштери жакшы жүрүп жатат.

–Атикердин башка газ коюуучу компаниялардан кандай өзгөчөлүгү бар?

–Мен башка компанияларды мактап жактап же жамандап жаткан жерим жок. Булар дагы бүгүнкү күндө өз чарбаларын көрүп жатат. Мен өз компаниям тууралуу кыскача маалымат айта кете турган болсом биздин компаниянын өзгөчөлүгү оригиналуу заводдон чыккан ар бир тетик, ар бир керектүү нерселер Түркиядан түздөн түз бизге чейин алынып келинет. Бир адамдын организминдей болуп иштеген мотордон баштап, унаанын багына чейинки ар бир бурама, изалентасына чейин заводдон түздөн түз бизге жиберип турат. Мунун өтө чоң мааниси бар. Башка көп авто унаага газ койуучулар мисалы, арзан болушу үчүн ар кайсы жерден топтоп, кай тараптан арзан тетиктер болсо ошону сатып алып, сапатына деле көп көңүл бөлө бербей жалпы баасы арзан болушу үчүн ар тараптан чогулган тетиктер менен көз жумуп, коюп жатышат. Бизде ал нерсеге Атикердин маркасы үчүн, Атикердин аты үчүн бизге ошол нерсени жетекчилигибиз эскертип турат. Койсоңор дагы кардарлардын купулуна толо турган сапаттуу ишиңер менен өзгөчөлөнүп тургула деген талаптары бар. Башкалардан айрымаланып ар бир тетик заводдон келгени эле чоң мааниге ээ.

–Газ койуучу уста балдардын кандай билимдери бар?

– Кыргызстандагы көп газ балон жабдыктары менен алек болуп жаткан менин кесиптештеримден айырмаланып бизде заводдун өзүнөн келген эки уста кыргызстанда бир жыл балдарыбызга кандай авто унаага кандай ыңгайлуу шарттаа балон коюлат, кайсы жерден моторун чечип, кандай жерден кандай туташтырыш керек. Тетиктердин ар биринин ийне жибине чейин ошол усталар иш башында ушул жерде эмгек кылып балдарга үйрөтүп беришти. Бул чоң усталардын ишин көрүп, үйрөнүп, анан дагы квалификациясын жогорулатуу максатында биздин балдар чет мамлекеттерге да барып билим алып кайтышты. Балдар өздөрүнүн билимин жогорулатып Алматыга болсун ‚башка мамлекетке болсун барып ошол жерден жаңылануу системасы боюнча сертификатка ээ болуп келишкен. Ошол сертификаттын аркасында биз дагы уялбай туура кесипкөй адистер деп ар бир келген кардарды коркпостон ойдогудай тейлей алабыз деген ишеничтебиз. Башка өзгөчөлөнө турган нерсе, эгерде 100% авто унаага орнотулган жабдуулардын иштеп кетишинин 50%ы жабдуулардын сапатуулугу болсо, 50%ы устанын адискөйлүгү , кол билгичтигинин аркасында адамга операция жасай тургандай эле бул дагы чоң хирургиялык көз карашты талап кылат. Балдарыбыз дагы ошо жагынан аксабай ийгиликтүү усталардын бири болуп, машиналардын көбү бизге кайрылып, ыраазычылыктарын ушул күнгө чейин билдирип келишет.

–Автоунааларга куюлган газ менен бензиндин экологияга кандай таасири бар? Газ койдургандардын саны арбыганы эмне себептен?

– Себеби бензиндин баасы күн санап жогорулап баратат. Мындан бир жума мурун 38 сом болсо бүгүн 40 сомго чыкты. “Алтернативный топливо” деп коюшат орустарда. Газга көбү маани берип көбү алтернативдүү күйүүчү майга өтүүгө аргасыз болуп жатышат. Бензин 40 сом болсо газ 23 сом. Биздин ишкана кыргыздарга үнөм болуп, экономикалык жактан чөнтөктөрүнө каражат түшүрүп жатат. Эң негизинен экологияга жакшы таасирин бере турган газ болуп эсептелет. Себеби абага кир затты бензин дагы солярка дагы аябай зыян алып келет. Ошондуктан шаарыбызды кара туман каптап, баягыл тоонун салкын, таза абасы Бишкете көрүнбөй калды. Шаарыбызда миллиондогон автоунаалар толуп кетти. Ар убакта тыгын көбөйдү. Газга басым жасаганыбыздын дагы бир себеби шаарыбызды тазартууга аракет жасашыбыз керек. Биздин азыр бир эле бөлүмүбүз болсо келечекте алыскы аймактарга да ачылып, иш алып барсак деген тилектер бар. Экинчиден иш үйрөтүү боюнча да жаңыча аракет жасап жатабыз. Автоунааларга газ орнотуу акыркы 2–3 жыл аралыгында эле жакшы өнүктү. Келерки эки үч жыл аралында дагы өнүгөт деген ишенимдебиз. Канча машина көбөйгөн сайын ошончолук сервис керек болот. Тейлөө керек болот. Биздин иш үйрөтүүдөгү аракетибиз канчалаган жумушсуз жаштарга жакшы билим болуп, андан ары иш алып кетүүгө жакшы өбөлгө түзөт.

Акырында айтаарым газдын кадырын түшүнүшсө өздөрүнүн чөнтөгүнө экономия болуп кенен айдап жүрүшсө деген ой-тилек бар.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости