• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Атайын окуу жайлары студенттерди жаңы ыкма менен окутат.

lyizhnaya-baza-karakol-1

👁 951

Кыргызстандагы атайын окуу жайларда окууну бүткөн соң ишке орношууга жана каражатты жакшы табууга жардамчы болгон адистерди даярдап келишет.

Көпчүлүк мекендештер жогорку билим жана дипломдун болуусу дайыма эле каражат табууга мүмкүнчүлүк бербешин жакшы түшүнүшөт. Ширетүүчү, темир уста, тигүүчү сыяктуу кесиптер жакшы каражат табууга жол ачат.

Булар ата мекендик жана чет жердик эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер болуп саналат.

Орто жана башталгыч кесип боюнча билим берүү агенттигинин алдындагы республикалык илимий-методикалык борбор 600 мугалим үчүн 10 күндүк курстарды баштады. Мугалимдер сабактарды заманбап ыкма, технология менен эффективдүү окутуу үчүн сабактарды пландоо жана башкалар боюнча тажрыйбаларын жогорулатмакчы.

Билим берүү системасында реформа кылуу керектиги тууралуу маселе мурун эле бышып жетилген. Бүгүнкү күнү мектеп рынок шарттарына жана талаптарына жооп бербейт.

Жада калса айылдарда мугалимдер окуучулардын андан аркы жашоосуна багыт берүү үчүн жетиштүү билимге ээ эмес.

“Мугалимдердин 60%ы заманбап окутуу боюнча тажрыйбага ээ эмес жана аларды окутуу керек. Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун жардамы менен иштелип чыккан “Кесипкөй билим берүү жана илимди өнүктүрүү” программасы учурда өтө актуалдуу. Ал кесип боюнча билим берүүчү мугалимдердин заманбап талаптарга жооп берүүсүнө шарттүзөт ”,-деди Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчиси Масума Баширова.

Бишкектеги унаа-жол колледжинин жетекчисиинин орун басары Максат Толобаев бул курстар мазмуну боюнча уникалдуу деп санайт.

“Кесипкөй билим берүү мекемелеринин окуучулары эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуусу үчүн сабак берүү ыкмасын алмаштыруу керек. Тренинг учурунда мугалимдердин көпчүлүгү окутуунун интерактивдүү ыкмасы тууралуу жаңы билип жатышат. Биз үчүн эң негизгиси студент сабак учурунда жөн эле угуп отурбастан иштөөсү зарыл ”,-деди ал.

Билим берүү тармагын реформалоо тууралуу көп айтылат. Муну билим берүү системасында эмгектенген мугалимдер да жакшы түшүнөт, бирок алар кайра эле эскичилик жолуна түшүп алышат. Мектепке чейин билим берүүдөн баштап системаны гана эмес, ыкманы да өзгөртүү зарыл.

Жалпысынан мектеп сунуш берүүчү орган болушу керек. Баа коюу системасын жоюп, сунуш берүү системасын киргизүү зарыл. Атайын жана жогорку окуу жайлар практикалык-теоретикалык тажрыйба топтоочу жай болуусу керек.

Жыл сайын өлкөдө эч нерсени билбеген теоретиктердин армиясы даярдалып чыгып, 5 жылда окуусун бүткөн соң алар үчүн жаңы шарттарда багыт ала албай келишет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости