44 өлкө менен визасыз режим киргизилди
Визасыз каттамды киргизүү үчүн атайын критерийлер каралган. Алардын бири — ички дүң өндүрүмдүн киши башына карата 7 миң евродон жогору болушу. Ал эми визасыз каттам киргизилбеген өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук виза тутуму сунушталып, ал үстүбүздөгү жылы ишке ашты.
Кыргызстан БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешине шайланды
2013–2040-жылдарга туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын кабыл алуу
2013–2017-жылдарга карата өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндөгү чечими кабыл алынды.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу
Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы түндүк-түштүк атаандаш жолун курууну демилгелеген.
Атаандаш жолду курууга 855 млн. доллар каражат керектеле турганы белгилүү болуп, аны эл аралык донорлор берерли айтылган.
Ушул тапта жолдун экинчи фазасын куруу иштери уланууда. Жол толугу менен 2019-жылы ишке берилери пландалууда.
Бюджет кызматкерлери үчүн ипотекалык насыя берүү
Ошондой эле биринчи насыялар алгачкы төлөмүнүн суммасына жараша 12–14% менен берилип, кийин 10–12% болгон.
«Датка-Кемин» көмөк чордону
Кыргызстанда энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында президент «Датка-Кемин» көмөк чордонун курууну демилгелеген. Жогорку чыңалуудагы электр энергиясынын курулушу 2015-жылы аяктап, аталган көмөк чордон ушул эле жылы ишке берилген. Көмөк чордондун узундугу 405 чакырымды түзөт. Көмөк чордон 600 мегаватт электр энергиясын өндүрөрү айтылган.
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду
Кыргызстан жана ЕАЭБ
Анткен менен Кыргызстан биримдиктин «үзүрүн» азырынча көрө элек. Айрыкча быйыл октябрь айынан бери созулуп келе жаткан кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдук жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, ишкерлердин, ал тургай айдоочлардын абалын ого бетер оорлотту.
Токтогул ГЭСин реабилитациялоо
425 МВА кубаттуулуктагы 260 тонналык трансформатор Токтогул ГЭСине 21-ноябрда жеткирилгенин улуттук энергохолдинг ишканасы билдирди. Трансформатор ГЭСтин №2 агрегатына коюлат. Бул жабдуу өндүрүлгөн электр энергиясын жогорку чыңалууга айландырыш үчүн кызмат кылат.
Токтогул ГЭСинде жалпы төрт агрегат бар.
Бишкек ЖЭБин модерназациялоо
Ал эми үч котлоагрегаттарды ордунан алуу иши жаз мезгилине калтырылган, себеби кышында алар иштетилет. Долбоор ушул күздө аяктады.
Евробиримдикке ачылган жол
Европа Биримдиги Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу (ВСП) макамын 2016-жылдын башында берди. Бул макам өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет. Анда аларга соодада кошумча колдоолор көрсөтүлөт.
Макамга ээ болгон мамлекеттер адам укуктары жана эмгек укугу, туруктуу өнүгүү, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу боюнча эл аралык конвенциялардын негизинде иш жүргүзөт.
Электрондук виза
1-сентябрдан тарта Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдик жарандар визаны электрондук жол менен алуусу ишке аша баштады.
«Таза Коом» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан система туристтик жана жумуш визасын Кыргызстандын элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылбастан интернет аркылуу алганга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал үчүн Evisa.e-gov.kg дареги аркылуу тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү жетиштүү экени айтылган.
Биометрикалык маалымат
Ушул жылдын 1-майынан тарта биометрикалык маалыматтын негизинде биометрикалык паспорт бериле баштады. Демилгечилер билдиргендей, бул паспорттун мурдагы паспорттон айырмасы – жаран тууралуу маалымат электрондук түрдө жазылып, колдонуу чөйрөсү кеңейген.
Кыргыз-өзбек чек арасы
Аны менен бирге жети жылдан бери бир тараптуу жабык турган Ош шаарындагы кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекети ачылды. Чек ара бекети ачылып, кошуна өлкөлөрдүн мамилеси жакшыргандан бери эки өлкөнүн ишкерлери экономикалык багытта иштешүүгө умтулууда.
Назгүл Бостонбаева