• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Атамбаев: Жээнбеков коррупция менен күрөшүүгө күчү жетет

22222222222222

👁 1,237

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы маалымат жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы катары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн соңку маалымат жыйынын өткөрдү.

Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага 200гө чукул жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Президент журналисттер тарабынан жолдонгон 60ка жакын суроолорго жооп берди. Суроолор негизинен саясий, экономикалык, эл аралык мамиле жаатында болду.

Президент алты жыл ичинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга болгон күчүн жумшаганын, анын алкагында бир топ иштер аткарылганын белгиледи. Ошол эле учурда аткарууга жетишпей калган иштер да болгонун белгиледи.

«Эгерде 2009-жылы айыл чарба тармактарына 26,8% менен 2,5 млрд. сом кредит бөлүнсө, 2017-жылы берилген кредиттердин көлөмү 6 млрд. сомго жетти. Болгондо дагы кредиттин орточо ставкасы 6–10 пайыздү түзөт»,- деди президент Алмазбек Атамбаев.

Президент өткөн аптада болгон туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш боюнча токтолуп, өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралгандыгын эске салды.

“Бул документте ирригацияны өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттер белгиленген. Жакынкы жылдары биз  бул тармакка 1 миллиард сомго чейин каражат жумшайбыз. 46 ири ирригациялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып жатат”, — деп кошумчалады.

Атамбаев: “Мөңгүлөр Кумтөрдүн айынан эмес, климаттык өзгөрүүдөн улам эрип жатат”

Президент маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан кабыл алынган “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамы тууралуу маселеге токтолду.

Ал кабыл алынган мыйзам болгону эки мөңгүгө гана тишелүү экенин билдирди.

Мамлекет башчысы атайын изилдеп Кыргызстанда 6771 мөңгү бар экенин билдирди.

“Мөңгүлөр боюнча мыйзам келди. Учурда карап жатам. Дагы ар тараптан карап чыгып кол коюшум мүмкүн. Тилекке каршы, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү 23 жыл мурда ээрий баштаган. Эмне үчүн ошондо эч ким кыйкырып чыккан жок? Кумтөрдө калдыктарды чогулткан чоң көл турат. Центерраны иштетпесек, аны ошол жерге “байлап” койбосок, калдыктар ылдый көздөй кетсек, ошондо жаман болот”,-деди Атамбаев.

Ошондой эле ал өткөн айларда БУУда сүйлөп жатып, мөңгүлөр Кумтөрдүн айынан эмес, дүйнөлүк климаттын таасири менен ээрип жатканын сүйлөгөнүн эске салды.

Атамбаев: “Кара-Кеченин келечеги инвестордо”

“Кара-Кечени тез арада инвесторго бербесек, келечекте эч кимге кереги жок болуп калат.” Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында билдирди.

“Кара-Кече боюнча долбоор ишке өтпөй турат. Биздикилер аткара албай турган шарттарды коюп койгон. Кыргызда “Алыбек алына жараша” деген жакшы кеп бар. Алыбызга жараша иш тутушубуз керек.. Алыбек алыңа жараша иш кыл деген сөз бар. Кара-Кечени тез арада инвесторго бербесек, келечекте эч кимге кереги жок болуп калат”,-деди Атамбаев.

Ат-Башы эркин экономикалык аймак болот

Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районун эркин экономикалык аймак кылып түзүү зарыл экенин билдирди.

Президент Ат-Башы районуна качан эле логистикалык борбор курулуш керек экенин, аны ишке ашырууга Жогорку Кеңештин депутаттары бут тосуп келгенин билдирди.

“Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу качан башталмак. Кытайга берип салды деген такталбаган сөздөрдүн айынан кечигип калды. Жакында эле Сапар Жумакадырович 200 гектар жер бөлүнгөнүн билдирди. Ал темир жол өтө турган трассанын жанында болот. Казактар Хоргос кылгандай, биз дагы Ат-Башыга эркин экономикалык аймак курушубуз керек”,-деди Атамбаев.

Атамбаев: “Жээнбеков коррупция менен күрөшүүгө күчү жетет”

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жумшак киши эмес экенин, жини келгенде “чык эшикке” деп баарын кууп чыгарын “Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жумшак киши, коррупция менен күрөшүүгө эрки жетеби?”,-деген суроого жооп берип жатып билдирди.

“Жаңы президент жумшак эмес, жини келгенде баарына белгилүү “чык эшикке” деп Обаманы да кууп чыгып жатпайбы. Сооронбай Шарипович, таза адам, коррупция менен күрөшүүгө эрки жетет. Кезинде бир тууган агасы Кантөрө Шариповичти да кызматынан алган”,-деди Атамбаев.

“Мегакомдун” акчасы “Коопсуз шаарга” жумшалышы керек

Президент Алмазбек Атамбаев “Мегаком” компаниясын сатып, андан түшкөн каражатка “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу керектигин бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Кыргызстанда «Мегаком» деген бренд менен белгилүү болгон «Альфа Телеком» компаниясынын 100 пайыз акциясын бийлик өткөн жылдын февраль айында биринчи жолу сатыкка коюп, баасын 19 миллиард сомго баалаган. Бирок андан бери үч жолу сынак жарыяланып, ар бир жолку конкурста баасы төмөндөп олтуруп, акыры 13 млрд. 500 млн. сомго токтогон.

Күз айларында компанияны оруссиялык ишкер түз сатып алуу ниетин билдирген, бирок мамлекеттик мүлк фонду сүйлөшүү токтогонун билдирген.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” бир нече жылдан бери ишке ашпай келе жаткан долбоорлордун бири. Анын негизги максаты – жол кырсыктарын азайтууга, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган. Ноябрь айынын аягына чейин Бишкек жана Ош шаарларында аталган долбоордун алкагында фото-видео байкоо жабдуулары орнотуларын өкмөттөн билдиришти.

Атамбаев: “Россиянын президент кыргыз-казак чек арасына кийлигишүүгө чакырдым”

Маалымат жыйынында “Казакстан менен бир аз бузулган мамилени кантип оңдоого болот?” деген суроого президент Алмазбек Атамбаев төмөнкүдөй жооп берди.

“Мамиле бузулган жок, болгону блокадада калдык. Бул сыноо бизди чыйралтышы керек. Кырдаал өз ордуна келет. Биз андан сабак алышыбыз керек. Россиялык кесиптешим Путин менен жолукканда ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечкиси келсе, киришүүсү керектигин белгиледим. Эгер андай болбосо башка жол издээрибизди эскерттим”,-деди президент Атамбаев.

Кыргыз-казак чек арасындагы чыңалган абал 10-октябрдан бери өкүм сүрүүдө.

Эгемен Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы кызматына 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. 24-ноябрда жаңы президент Сооронбай Жээнбековго президенттик ыйгарым укуктарын расмий түрдө өткөрүп бергени турат. 

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости