Долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач ишкер айымдар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында айымдардын басымдуу бөлүгү насыя алууда кыйынчылыктарга кабылып, кредит ала албай жатканын билдиришкен. Эң негизги кыйынчылыктар насыялардын пайыздык көрсөткүчтөрүнүн жогорулугу жана күрөө маселеси болгон. Анткени айылда мүлк төмөн баада бааланат.
Айымдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү долбоору аркылуу күрөөнүн башка жолун колдонуу боюнча эки кредиттик продукт иштелип чыгып, сунушталган. Бул тууралуу айымдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Атаканов билдирди. Анын билдирүүсүндө биринчиси, “кампа күбөлүктөрү” деп аталат. Бул айыл чарба менен алектенген айымдар үчүн жакшы шарт. Күзүндө айыл чарба продукциясынын баасы төмөн болуп турган мезгилде ишкер айымдар өндүргөн өнүмүн кампага тапшырып коюп, кайра кредит алууга мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиси, айыл чарба продукциясын өндүрүп жаткан ишкер айым, ошол продукцияны кайра иштетип жаткан завод менен болгон келишимдин негизинде насыя алууга мүмкүнчүлүгү болот. Аталган эки кредиттик продукт мындан ары дагы колдонууга сунушталып жатат.
Негизинен долбоор кичи ишкерликке багытталган. Тактап айтканда, чоң деңгээлде киреше көрө турган ишкерлик менен алектенбейт. Алардын жасап жаткан иши убакыт менен жүргүзүлгөн ишкерлик. Кичи ишкерлик менен алектенгендердин ала турган акчасынын да насыялык пайызы ылдый болушу керек. Мисалы, айыл жергесиндеги көпчүлүк айымдар кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Эгерде аларга да баардыгына бирдей болгон шартта насыя берүү кыйынчылык жаратат. Ошол себептен кичи ишкерликти колдоо боюнча бир топ жолдору изилденип жатат.
Ысык-Көл районун Кара-Ой айылынын тургуну ишкер айым Айнагүл Жамырчиева жүндү кайра иштетүү менен алектенет. Жүндөн сувенир жана баш кийимдерди чыгарышат. Алар чыгарган продукциясын жергиликтүү кардарларга сатышат.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы ишкер айым Ханзада Исакова “Биринчи микрокредиттик” компаниядан 500 миңден кредит алып отуруп, учурда райондун борборуна тамактануучу жай ачкан. Алты адамды иш менен камсыз кылат. Учурда 24% менен кредит алууда экенин айтып, дагы пайыздык өлчөмүн төмөндөтүп берсе деп кошумчалады.
Айымдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү долбоору аркылуу ишкер айымдар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат деген пикирин Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында туризм тармагы менен алектенген ишкер айым Гүлсина Молдоева айтты. Ал “Бай-Түшүм” банкынан 23% менен 12 миң доллар кредит алып, аягында кайра кайтарым аркылуу 5% акчасын банк кайрып берген.
Айылдагы ишкер айымдарды сөзсүз эле облустун райондоруна алып келип окутуу эмес, дистанциондук окутуу ыкмасы сунушталып жатат. Дүйнө жүзүндө иштеп жаткан инструменттер Кыргызстанда дагы иштөөсү зарыл.
Наргиза Өмүрбек кызы