Эми ыйгарым укуктуу органдары мыйзамдарды бузулгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактын арызынын негизинде иштерди карайт.
Бул жерде атаандашын четтетүүнү каалагандар мыйзам чегинде мүмкүнчүлүк алып жатат.
Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлушу керек деп эсептейбиз.
Учурда Кыргызстан чакан жана орто бизнестин эсебинен жашап жана өнүгүп жаткан кези. Рынокту монополия кылган ири дүйнөлүк корпорациялар бизде жок, демек ишкерлерди оңой эле мүдүрүлтүп койсо болот.
Өнүм иштеп чыгуунун ордуна атаандаштары алдыга карай озуп бара жатканын көргөн ишкерлер арыз жазуу менен атаандашына бир топ тоскоолдуктарды жаратып коюшу ыктымал.
Эгерде мурун караниеттик кылган атаандаштык болсо ал сотто каралып келсе, азыр монополияга каршы комитетке арыз жазып коюу жетиштүү.
Кыргызстанда соттордон көзүн албай, аларга карата сын айткандар абдан көп. Бирок эми монополия менен күрөшүүчү монополияга каршы комитет – өзү монополист болуп калууда.
Байкуш ишкерлер, биздин ишкерлерди башкача атай албайсың, монополияга каршы комитет тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдөн сырткары бул маселе боюнча (мыйзамсыз иш-аракеттер болгон учурда) сотко арыз жазууга туура келет.
Бул жерде пинг-понг үчүн топтун ролун аткарып калбайбы?