Президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон сапары тарыхый болуп калды. Тышкы экономика боюнча бир катар маселелер жакшы жагына чечилди.
“Сүйлөшүүлөрдөгү жетишкендиктер чындыгында эле тарыхый болуп калды”,-деди президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева.
“Тар чөйрөдөгү жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар маселелер талкууланып, алар боюнча келишимдерге кол коюлду. “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк, ишенимди, жакшы коңшулаштыкты чыңдоо жөнүндө” Декларацияга кол коюшту. Бул биздин мамилелер жогорку деңгээлге чыкты дегенди билдирет”,-деди ал.
Ошондой эле А. Субакожоева чек ара аймактары боюнча туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн жана ишенимди артырууга багытталган келишимге кол коюлду.
“Транспорт тармагында кызматташуу жөнүндө” Меморандумга дагы кол коюлду.
“Биринчи кезекте бул биздин жүк ташуучуларга өлкө аймагында транзиттик ташуулар боюнча эркиндик берилет. Мындан сырткары Өзбекстандын аймагында жүргөндө дагы эч кандай каражаттар чогултулбайт”,-деди бөлүм жетекчиси.
Бул өзбек тарап менен иш алып барган ишкерлер үчүн абдан жакшы жаңылык. Демек, алар эч кандай тоскоолдуктарсыз эле коңшу өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзө алышат, бирок албетте тиешелүү документтерди туура толтуруу керек.