Российские власти послали Кыргызстану "весточку" насчет контрабанды
Кытай Израиль менен келишим түздү. Эми Израиль жасалма эт чыгаруу боюнча технологиясын киргизет.
В Кыргызстане в 2017 году рост ВВП составил 4.5 процента
Кытай абанын булгануусунан жабыркап келет, ошондуктан жасалма эттин жардамы менен өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртканы жатат.
Большие деньги. Huawei вложит 60 млн. долларов в реализацию проекта "Умный город" в Кыргызстане
Бул келишим чоң рынок мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Кытай аткаминерлери менен болгон келишим израилдик компаниялар үчүн көп кирешелерди алып келет. Кол коюлган келишимдин суммасы $300 млн. Ал кытай компанияларына жергиликтүү компаниялардын жардамы менен Израиль технологияларынын киргизүүгө укук берет.
Израилде 8,5 млндон ашуун калк жашайт жана Кыргызстандан 3 эсе аз аянтты ээлеп турат. Кытай табигый этти пайдаланып жатканда биздин ата мекендик өндүрүшчүлөр этти экспорттошсо болмок, албетте бүтүндөй Кытайды камсыздоо мүмкүн эмес, бирок суроо-талап бар жерде сунуш дагы болушу керек.
Россияне вернули 34 тонн сомнительных помидоров и орехов Казахстану и Кыргызстану
Буга чейин Кытайда өз жарандарына этти жана жумуртканы аз колдонуу боюнча сунуш берели деген пикирлер болгон. Себеби малчылык парник газынын пайда болуусунун бирден бир себеби. Израилдик технологиялардын жардамы менен Кытай элдерди жасалма этке өткөргөнү жатат, бул болсо таштандылардын азаюусуна алып келет. Бул багытта Кытайдын пикири белгилүү миллиардер Ричард Брэенсондун көз карашы менен төп келет, ал жасалма эт жана таза энергия планетаны сактап калат деп санайт.
Учурда дүйнөдө 8 компания өнөр-жай үчүн жасалма эт өндүрүү менен алек. Алардын үчөө Кытайда — SuperMeat, Future Meat Technologies жана Meat the Future. Келишим аларга жаңы жол ачып, өзгөрүүлөргө даярдайт. Бул башка компанияларга мүмкүнчүлүк берет: Кытайдагы этти импорттоо рыногу 2016-жылы $10 млрд деп бааланган. Калган 5 компания Кытай рыногуна кирсе, орун табары анык. Себеби бул өлкөдө жасалма эт колдонуучуларды табат деген кепилдик бар.
Учурда көптөгөн өлкөлөр таза энергия маселесин чечүүгө аракет кылып келишет жана азыктардын жасалма түрүнө өтүүдө. Чакан борбор азиялык өлкө “жашыл экономикасы” менен дүйнөлүк картанын саясий экономикасына кире алабы?