Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, каржылоонун жалпы суммасы 350млн сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Маалыматка ылайык, каржы министрлиги долбоорду келерки жылы үч бөлүктө каржылайт. Өкмөт бул долбоор өндүрүштө жумушчу орундардын санын көбөйтүп, тышкы миграциянын деңгээлин азайтып, атаандаштыкты күчөтөөрүнө үмүт артууда.
Долбоордун алкагында финансылык каражаттарды коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелер тарабынан ишкерлерге жеңилдетилген үстөк пайыз менен берилет.