–Азыркы учурда кыргызстандын экономикасы кандай абалда? Жылдан-жылга тышкы карызыбыз көбөйүп баратканы кооптондурат. Экономикалык абалыбызга көз карашыңыз?
–Мурункуга салыштырмалуу биздин экономика өнүгүп жатат. Биз ЕАЭБге киргенден бери экспорттун көрсөткүчү жогорулады. Канча пайызга көтөрүлгөнү көрүнүп турат. Кыргызстанды өнүктүрүш үчүн аз пайыздагы кредиттер берилиши керек. Азыркы иштеп жаткан комерциялык банктар 12, 17,18% кээ бир жерлерде 30%га чейин чыгып жатат. Бул пайыздар менен экономика эч качан өнүкпөйт. Бул пайыздар экономиканы өнүктүрбөй эле өлтүрө турган пайыздар.
–Ушул айдын аяк ченинде Пекин шаарында Жибек Жолу алкагында “Бир алкак – бир жол” деген эл аралык коомдук уюму Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга бир нече миллиард доллар бөлгөнү жатат деп угуп калдык. Бул акчадан биздин өлкөгө бөлүнүшүнө сиздердин да салымыңыздар бар экен. Ушу тууралуу кенен маалымат берип кетсеңиз…
–Эки үч жылдан бери мен аракет кылып жүрөм. “Жибек Жолу” деген программаны кытайлар баштап, бери дегенде 20 жылдан бери бышырып, акыркы эки жылда жандуу киришип, ушул эле үстүбүздөгү жылдын июль айынын орто ченинде “Жибек Жолу” программасына 840 млрд сумма бөлүштү. Биз алар менен иштеше турган 68чи мүчө болуп катталдык. Биз Кыргызстандан өзүнчө структура түзүп чыктык. Кыргызстандан өзүнчө «Бир алкак бир жол»(SICO KG) деген компания уюштурдук. Борбордук Азия жана Россия боюнча директор болуп Масимов Кашимкан Касымович дайындалган. Сентябрь айынын аяк жагында Пекин шаарында чоң жыйын болот. Ал жакка мен дагы катышканы турам. Кайсы тармакты өнүктүрсө болот. Бизге канча акча керек болот. Биз өнүгүп кетиш үчүн канча акча керектелет. Баары ал жерде айтылат.
–Бул жакшы иш чарага биздин өкмөтүбүз кандай көз карашта?
–Кандай долбоорлорго акча сурап жатышат?
– Баардык тармактан кайрылып жатат. Бизден 200 млн сомдон 800 миллионго чейин сурагандар бар. Документтердин баарын көрүп, чогултуп тыкыр карап чыгабыз. Күрөөсү жок насыя беребиз. Мисалы бирөөнүн эки миллион акчасы болсо ага кредиттин кандай кереги бар. Биз акчасы жок жаңы кишилер өссүн деген идеяны коюп жатабыз. Бизге мен бул жабдыкты алам. Лисензиям бар. Кафель завод, эмеректерди жасоочу , жемиштерди кайра иштетүүчү, этти кайра иштетүүчү ишкана ачам деген сунуштар түшүүдө. Биз айрыкча кайра иштетүүгө жакшы көңүл бөлүп жатабыз. Биздин компанияга окшоштуруп ар кандай компания ачып алгандар бар экен. Ошолорду токтотолу деп пресс жыйын бердик. Силер менен иштешели деп банктардан да кайрылуулар түшүп жатат. Биз бирок акча берген тарап менен түз иштешебиз.
–Акчанын бөлүнүп берилишине толук ишенимдүүсүзбү?
–Суу чыкпаган кайрак жерлерге суу алып чыкса болорун айтып чыктыңыз. Ушу жөнүндө биздин окурмандарга кененирээк айта кетсеңиз?
–Негизинен Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө да, суу чыкпаган, жетпеген кайрак жерлерге буудай, арпаларды эгишет . Бирок, эгерде күн ысык болуп, жамгыр убагында жаабаса, эмгек талаага кетип, түшүм алынбай калат. Анткени, ошол эгилген талааларга суу чыкпайт да, көбүнчө кайрак жерлер дарыя, арык , каналдардын деңгээлинен өйдөрөөк жайгашат эмеспи. А, сууну өйдө чыгарганга насосторду колдонот. Алар, электр тогу же бензин менен иштеп суу өйдө жакка чыгарылат. Көп жерлерге электр зымдарын жеткизүү кыйын да, акча каражаты көп жумшалат, жеткен күндө да, дыйкан электр насос иштегенде ага төлөөсү керек ар бир киловаттына, 2,5 сомдон, анан эсептей бергиле канча төлөнөрүн беш – алты жолу, 5–6 сааттан сугарганда. Электр насостой эле, бензин насосуна да бензинди куйганда суу чыгарууга көп каражат талап кылынат. Анан ал насостордун өзүнүн баасы кымбат турат.
–Ушул сууну кантип кайрак жерлерге жеткизүү тууралуу маалыматыңызды уксак
Биздин « Аквасильвер» деген компания ойлоп табуучу Г.Рогозинден бул ойлоп тапкан ишин сатуу, элге таратуу жагын өзүбүздүн мойнубузга алдык. Мурда бир айда 1–2 гидронасос жасалып чыкса, эми 100–200 даана чыгарыла баштайт. Анткени, Кыргызстандын бардык аймактарынан буйрутмалар ( заказдар ) келүүдө. Азыр жер-жерлерден 2 миңдей буйуртма бизге келип түштү. Ошондой эле ушул гезит аркылуу да дыйкандарга кайрылат элек : «Аквасильвер» компаниясынын гидронасосторун алсаңыздар жаңылышпайсыздар. Бизден алган гидронасосту оңдоп да убара болбойсуңар, эч ким буза да, сындыра да албайт. Анткени катуу темирден жасалган.
0550 58 55 44; 0706 58 55 44.ушул телефондор аркылуу бизге кайрылсаңыздар болот.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА